Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

ПАРЛАМЕНТ: КЫМБАТЧЫЛЫК ЖАКЫРЛАРДЫ ЖАРЫМ МИЛЛИОНГО КӨБӨЙТТҮ


Жогорку Кеңеш бүгүн күзгү сессиясын баштады. Сессиянын алгачкы күнүнө премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү, сот бийлигинин жетекчилери катышты. Депутаттар азык-түлүккө баанын көтөрүлүшү, мал ылаңы, чек ара жана башка бир катар маселелерди көтөрүп, кымбатчылык шартында жакыр катмарга жардам берүүнүн чарасын көрбөй жатат деп өкмөткө сын айтышты.

Депутаттар сессиянын алгачкы күнүндө нанга баанын кымбатташы, мал ылаңдарынын өсүшүнө өзгөчө көп токтолушту. Депутат Өмүрбек Текебаев нанга баанын кымбатташы 2 миллион жакырга дагы 400 миңден ашуун жакырды кошконун билдирди:

-Нан 40% кымбаттаганда минималдык керектөө корзинасы 10% кымбаттайт экен. Бул деген Кыргызстанда кошумча 440-450 миң адам жакырчылыктын түбүнө түштү деген сөз.

Депутат Камчыбек Ташиев болсо түзүлгөн кырдаал үчүн өкмөттү айыптап, аларды кызматтан кетүүгө чакырды:

-Ошол эле мезгилде айыл жергесиндеги пенсионерлерге, жакыр жашаган адамдарга эмне жардам кылдыңар? Кана программаңар. Урматтуу өкмөт башчы, урматтуу министрлер биз иштейт албайбыз деп кетиш керек.

Депутат Темир Сариев нан, мал ылаңдары боюнча өз сунушу менен чыкты:

-Бааны түшүрөбүз деген кур сөз. Түшүрө албайбыз. Бир гана жол бар, бул муктаж болгон адамдарга бюджеттин эсебинен жардам берүү. Аны чогуу жасасак болот. Мына бул жерде айыл чарба министри отурат, биздин депутаттар көтөргөн маселе абдан орчундуу (мал ыландары). Эч кандай чара көрүлбөй жатат. Кыргызстанда шарпы да жүрүп жатат, күйдүргүсү да жүрүп жатат, башка ылаңдар да жүрүп жатат.Буга эмне өкмөт чара көрө албайбы? Катуу чараларды көрүш керек.

Депутаттар Азимбек Бекназаров, Мурат Жураев, Садыр Жапаров чек ара маселесин көтөрдү.

Депутат Дороонбек Садырбаев Султан Урманаевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү боюнча депутаттык комиссия ишин бүтүп, отчетун берүүгө даярдыгын, аны кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу түз көрсөтүүнү талап кылды:

-Башкасын болбосо дагы менин докладымды түз эфирден эч нерсесин өзгөртпөй түз эфир менен уктурууңарды суранамын.

Депутаттар көтөрүлгөн маселелерди жума күнгө белгиленген өкмөттүк саатта кеңири талкуулап, тийиштүү чечим кабыл алууну белгилешти. Ал эми шейшемби күнү парламентарийлер өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлорун кароого өтүшөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG