Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:38

М.АХМЕДИНЕЖАД: “ИРАНДА 3000 ЦЕНТРИФУГАСЫ БАР”


Төрөкул Дооров, Прага Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад анын мамлекетинде уранды байытчу 3 миңдей центрифуга бар экенин билдирди. Андан эки күн мурдараак Бириккен улуттар уюму өз докладында центрифугалардын санын мындан бир топ эле аз деп көрсөткөн эле.

Президент Махмуд Ахмединежад “Иран өзүнүн өзөктүк аракеттеринде жаңы жетишкендиктерди жасап, 300 миңден ашуун центрифуганы ишке киргизгенин” жарыялады.

Жекшембиде Ирандагы студенттердин тобу менен жолугушуу учурунда ал ар жумада өлкөдө уран байыта турган жаңы центрифуга ишке киргизилип жатканын белгиледи.

Дегинкиси, өндүрүлгөн уран электр станцияларында колдонулат, бирок, ошол эле учурда, аны ядролук бомба жасаш үчүн да колдонсо болот. Дал ушул жагдайдан улам, азыр Батыш Иранды “өзөктүк курал жасаганга далалат кылып жатат” деп айыптап келатат. Бирок муну Тегеран четке кагууда.

Эң кызыгы Ахмединежад жасаган соңку билдирүү Улуттар уюмунун Атомдук энергетика боюнча агенттиги – МАГАТЭнин – докладында айтылган көрсөткүчкө каршы келип жаткандыгында окшойт. Анткени анда центрифулардын саны 2 миңге да жетпей турганы келтирилди. Бул докладды эскирип калды деп деле айтууга болбойт, анткени ал жакында эле, 30-августта, жарыкка чыкты.

МАГАТЭ ал корутундусунда “Иран бул жолу агенттик менен өзөктүк иштер жаатында кызматташуунун “жаңы баскычына” көтөрүлгөнүн, ал өзөктүк аракеттерин солгундатканын айтып, Тегеранды бир топ эле мактагандай болду эле.

Улуттар уюму буга чейин эле Тегеранга каршы эки ирет санкция киргизгени бар. АКШ болсо азыр Иран уран байытууну токтотушу үчүн үчүнчү жолу буга чейинкилеринен да катуураак санкция киргизиш керек деп келатат.

Стокгольмдогу Тынчтык институтунун өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эксперти Шеннон Кайл биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, Улуттар уюму Тегеранга каршы киризип келген буга чейинки санкциялар бизнес менен аралашкан тигил же бул адамдарга гана киргизилгендиктен, алар жалпы өлкөнүн экономикасына эч кандай деле терс таасирин тийгизген эмес дейт.

- Негизи, Иран аткарууга мажбур боло тургандай оор санкцияларды узак убакытка киргизиш керек деген идея баштап айтылган эле. Бүгүнкү күнгө карата Иран Улуттар уюмунун уран байытууну токтотуу тууралуу чакырыктарын сээрей турган түрү жок экенин көрсөтүүдө. Бир нерсе болсо эле, Иран уран байытууну күчөтө баштайт. Бул дегени азыркы учурга карата, жок эле дегенде, Иран БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине моюн сунуп, аларды аткарууга такыр каалоосу жок экенин ырастайт, - дейт Кайл.

Ахмединежад эч кандай санкцияларга карабай, Иран баары бир өзөктүк аракеттерин уланта берээрин буга чейин эле билдирген.

Ирандын маалымат агенттиктери Ахмединежаддын сөздөрүнө шилтеме берип, “Батыш утуру эле санкция киргизип, аны Иран аткарат деп ойлойт, бирок ар жолу ирандыктар өзөктүк жаатта жаңы жетишкендиктерин көрсөтүшүүдө” деп айтканын келтиришүүдө.

Бирок Ахмединежад айткан 3 миң центрифуга тууралуу маалымат азыр көз-карандысыз эксперттер тарабынан ырастала элек.

XS
SM
MD
LG