Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:01

ЕВРОШАРКЕТТИН КОҢШУЛАШТЫК САЯСАТЫ


3-сентябрда Брюсселде Еврошаркеттин Коңшулаштык саясатына мүчө мамлекеттер менен алгачкы жалпы конференциясы болуп өттү. Жыйынга шаркетке мүчө баардык мамлекеттердин өкүлдөрү жана коңшулаштык программасына кирген 16 өлкөнүн делегациялары катышты.

Коңшулаштык саясатына мүчө мамлекеттер Еврошаркет үчүн баары бирдей экенин тастыктоо үчүнбү, айтор Брюсселдеги конференцияда бир да мамлекетке артыкчылык кылынган жок. Катышуучу мамлекеттер аралаш отуруп, күн тартибиндеги маселелерди чогуу-чаран талкулашты. Муну менен Еврошаркет уюмга мүчө болуп кирүүнү көздөгөн өлкөлөр да, аны менен жөн гана тыкыз алакада болууну каалаган мамлекеттер да ал үчүн бирдей экенин далилдегиси келди окшойт.

Конференциянын көңүл борборунда уюм менен анын кошуналарынын орток кызыкчылыгындагы экономикалык интеграция, энергетика тармагындагы кызматташуу, жарандардын каттоосун оңойлотуу, жумуш иштөө мүмкүнчүлүктөрүн өөрчүтүү, өлкөлөргө финансылык жана техникалык көмөк көрсөтүү маселелери болду.

-Биздин максат Еврошаркеттин Европадагы кошуналарын, Жер Ортолук Деңиз аймагындагы өнөктөрүнүн башын кошкон кеңири чөлкөмдө экономикалык жактан интергацияланган, товарлар, тейлөө кызматтары менен капитал эркин жүгүртүлө турган мейкиндикти түзүү,- деди уюмдун тышкы байланыштар боюнча жооптуу комиссары Бенито Ферреро Вальднер.

Еврошаркет дүйнөнүн эң ири газ жана мунай керектөөчүсү, ошондуктан конференцияда уюмдун Украина, Азербайжан, Алжир жана Мисир менен түзгөн ишкер келишимдеринин мааниси баса белгиленди.

Бирок Еврошаркеттин өлкөлөрдүн баарын тегиз көргөн мындай саясатына айрым өлкөлөрдүн ичи чыкпаганы байкалып турду. Уюмга мүчө болууну каалап, эңсеси каткан Украина жыйынга Еврошаркеттеги элчиси Роман Шпекти гана жиберди. Муну менен ал Еврошаркеттин коңшулаштык саясаты аны алымсындырбай турганын көрсөткүсү келди.
Ал эми Молдова болсо уюмдун товардын, капиталдын жана тейлөө кызматынын эркин жүргүртүлүүсүн жана жарандардын эркин каттоосун камсыз кылган интеграциялык программасына кирүүнү көздөйт.

Грузия болсо шаркетке каттоо эрежелерин жеңилдетүүнү максат кылганын жашырган жок. Тбилисинини мындай каалоосу өлкөнүн козголоңчул Абхазия жана Түштүк Осетия жумурияттарынын жарандары орус паспортунун арты менен Еврошаркетке оңойураак каттоого мүмкүндүк алганы менен байланыштуу.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG