Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

ЖОРЖ БУШТУН ИРАКТАГЫ 11 СААТТЫК САПАРЫНЫН МАКСАТЫ


Президент Жорж Буш дүйшөмбү күнү Иракта күтүүсүз визит менен болуп кайтты. Ал сапар учурунда Ирактагы АКШнын элчиси, америкалык күчтөрдүн командачысы жана Ирак жетекчилиги менен жолугушту. Буш кездешүүдөн соң эгерде Ирактагы кырдаал акырындап жакшыра берсе, америкалык айрым аскерлер Ата журтуна кайтарыла турганын билдирди. Бирок, андай чечим вашингтондук саясатчылардын талабы боюнча эмес, “командирлерибиздин жагдайга берген баасынын негизинде гана кабыл алынат” деди Буш.

15- сентябрда АКШ Конгресси Иракта жетишилген ийгиликтер тууралуу Ак Үйдүн докладын угат. Андыктан, Жорж Буштун күтүүсүз визитинин максаты- Ак Үйдүн Ирактагы аскерий стратегиясын жайында баалап, Ирак жетекчилигинен жана америкалык командачылыктан колдоо алуу болду. Жыл башында Буштун демилгеси менен Иракка кошумча 30 миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн жана азыр Иракта 160 миңден ашуун америкалык аскер бар.

Мамкатчы Кондолиза Райс, Коргоо министри Роберт Гейтс жана башка генералдар жандаган Жорж Буш Багдадга түшпөстөн, түз эле Анбар провинциясына учуп келди. Ал оболу Ирактагы америкалык күчтөрдүн командачысы, генерал Дэвид Петреус жана АКШ элчиси Райан Крокер менен, андан соң премьер- министр Малики башындагы ырасмий адамдар, ошондой эле айрым уруу башчылар менен Ирактагы кырдаал боюнча пикир алмашты.

Ирактын алыскы батышындагы Анбар провинциясы- суннит козголоңчулардын уюгу саналчу. Провинцияны америкалык аскерлер Ирактагы эң коопсуз аймакка айлантканын президент Буш ал- Асад аба базасында америкалык жоокерлер менен болгон кездешүүдө сыймыктана белгиледи:

-Анбарда силер ирактыктар коопсуз болгондо байкалчу чоң өзгөрүүлөргө өзүңөр күбө болуп жатасыңар. Башкача айтканда, силер ийгикке көрүп жатасыңар. Бир кезде ал- каидачылар менен колмо кол согушуп жүргөн суннилер азыр колициялык күчтөр тарабында ал- Каидага каршы согушуп жатканына өзүңөр күбөсүңөр.

Президент Буш Ирактагы аскерлердин санын азайтуу маселесине токтолуп, андай чечим Иракта тынчтыктын орнотулушуна жараша жана аскерлерий жетекчиликтин баасына таянып кабыл алына турганын айтты:

- Ирактагы АКШ аскерлеринин санын азайтуу жөнүндөгү чечим маалымат каражаттарында өз баасын көтөрүүнү ойлоп чый-пыйы чыккан вашингтондук саясатчылардын сөзүнүн эмес, командирлерибиздин кургактагы кырдаалга тунук акыл менен берген баасынын негизинде кабыл алынат. Башкача айтканда, биз Ирактагы аскерлердин санын коркуп жана жеңилип эмес, кырдаалдын туруктуулугуна жана ийгиликке жараша кыскарта баштайбыз.

Келерки жумада Конгресстин тийштүү комитеттеринде Ирактагы жагдай тууралуу генерал Петреус менен элчи Крокерди угушат. Аларды угуу жана 15- декабрда конгрессмендер таанышчу Ак Үйдүн доклады Жорж Буш бийликтеги акыркы 16 айда Иракта жүргүзчү саясаттын багытын аныктайт.

XS
SM
MD
LG