Көргөзмөдө күмүштөн, жасалган ар бири өзүнчө маани берген тотемдер, символдор коюлган. Мисалы дүйнөнүн сулуулугун, адамзаттын жашоосундагы жемиштүү жеңиштерди, табият кубулуштарын чагылдырат. Александр мырза Кыргызстанга биринчи ирет келгендигин айтып, кезектеги көргөзмөсү Бишкекте ачылып жатканына кубанычта экенин билдирди.
-Бул менин Кыргызстандагы алгачкы, ал эми чыгармачылыгымдагы он алтынчы көргөзмө. Бул иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүн он алты жылдыгы менен дал келип олтургандыгы мени кубандырат. Кыргызстанга болгон чыгармачылык сапарым байсалдуу болуп, кыргыз көркөм чөйрөсүндө көптөгөн досторду табам деген ишенимдемин.
Александр Проинов жогоруда белгилеп кеткендей буга чейин Франция, Италия, Германия сыяктуу Европанын бир катар мамлекеттеринде жеке көргөзмөлөрүн уюштурган. Ал эми Бишкеке Кыргызстандык сүрөтчү Андрей Ингелмандын чакыруусу менен келген. Андрей Ингелман Болгарияда бир жыл жашап, тажрыйба алмашып, болгар сүрөтчүсү менен биргелешип бир катар сүрөттөрдү жараткан. Ал Проиновдун чыгармачылыгы тууралуу мындай деди.
-Александр бүгүнкү күндө Европадагы мыкты айкелчилердин катарына кирет. Кайсы шаарда болбосун ар бир ачылган көргөзмөсүн кызыгуу менен кабыл алышат экен. Себеби бир жылдан бери Болгарияда жашап, анын чыгармачылыгы менен таанышып, жакшы билип калдым. Андыктан кыргыз көрүүчүлөрү да анын эмгектерине күбө болсун деп бул жакка чакыргам.
Кыргызстанга келип-кетүү жана көргөзмөнү уюштуруудагы кеткен каражаттын баардыгын, болгар сүрөтчүсү өзү көтөргөн. Шондой эле ал көргөзмөдө коюлган 30 эмгегин музейге белек кылып калтырууда. Көптөн бери Болгария менен маданий катыш болгон эмес. Андыктан сүрөтчүнүн өзүнүн демилгеси менен уюшулган мындай иш-чара бизди кубандырды, эми мындан ары Болгария менен алака түзүп, тажрыйба алмашуу жаатында иштерди жүргүзүүнү максат кылып жатабыз деп билдирди Маданият жана маалымат министринин орун басары Аким Текешов.
Болгар сүрөтчүсү Александр Проиновдун Бишкектеги көргөзмөсү менен катар Германиянын шаарларында да көргөзмөлөрү өтүүдө. Ал эми алдыда эмгектерин Испаниянын көрүүчүлөрүнүн сынына коймокчу.
Айжан Шаботоева, Бишкек