Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

ОШТОГУ ОКРУГДАРДАН ДЕПУТАТТЫК МАНДАТ ТАЛАШЧУЛАР КИМДЕР?


№ 36-Каракулжа, № 50-Керметоо шайлоо округдарынан Жогорку Кенеш депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жараяны аяктады

Каракулжа округунан «Айкын» гезитинин баш редактору Керим Айдаров, бизнесмен Ырысбай Майлыбашев, баш прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрага орун басары Дуйшөнкул Чотонов, «Чоң казык» кредиттик союзунун башчысы Акбарали Исраилов, убактылуу бош Жолборсбек Осмонов, Баш прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын прокурору Камчыбек Осмонов, коомдук ишмер Нурбубу Абдыжапарова мандат талашат.

Ал эми Керметоо округунда ишкер Кубанычбек Нурматов, убактылуу бош Бегайым Токтоматова, Кадамжай районунун башкы салыкчысы Абдуллабек Осмонов, дыйкан чарба башчысы Өмүрбек Бакиров, Ош шаар Кеңешинин депутаты Хулкарпаша Сабирова, Карасуу жаратылыш коргоо инспектору Абдисатар Исмаилов, Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Каныбек Эргешов, жеке ишкер Адылбек Сагынбаев ат салышмакчы.

Жергиликтүү серепчилердини байкоосуна караганда, эки округда тең саясий таймаш катуу жүрүп, шайлоо мезгилинде жердешчилик, уруучулдук, а түгүл улутчулдук ыкмалар кеңири пайдаланылышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG