Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

КҮРТСТАН “ЭКИ ОТТУН” ОРТОСУНДА


Ирактын түндүгүндөгү күрт кыштактарын аткылаганын Иран токтотууга тийиш. Эгер мындай иштер дагы кайталанса,Багдад өкмөтү муну Ирандын аскери агрессиясы катары кабыл алмакчы. Тегеранда иш сапар менен болгон ирак тышкы иштер министри Хошиар Зебари бул тууралуу иран жетекчилерине эскерткенин билдирди. Бирок иран тарабы азырынча буга эч кандай ырасмий түшүндүрмө бере элек.

Хошиар Зебари Тегеранда журналисттерге маалымдагандай, Иран армиясы эки апта бою түндүк Ирактагы күрт кыштактарын артиллериядан дамамат аткылап турган. Натыйжада үч миңге чукул күрттөр үй-жайын таштап,башка аймактарга качканга аргасыз болгон.

Тегеран өкмөтү,айрыкча тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Багдаддан келген мартабалуу мейманга жабык мүнөздөгү талкуулар учурунда күрт партизандары – Песак тобу – иран аймагына бир нече курдай жортуулдап киргенин маалымдаган. Аларга жооп кайтарып, иран армиясына күрт партизандары окбаанелеп алган түндүк Ирактагы бийик тоодогу быткылдарды артиллериядан аткылаган. Песак уюму - Иранда күрт автономиясын түзүүнү көздөп жүргөн куралдуу топ.

Ирактын экинчи коңшусу – Түркия да – күрттөр байырлаган түндүктөгү аймактарды маал-маалы менен артиллериядан аткылап турат. Анкара өкмөтүнө каршы күрөш жүргүзүп келаткан Күрт жумушчу партиясынын демин басып, десин кайтарып турганы Түркия Иракка чектеш аймактарда 140 миңге чукул аскерин кармайт.

Ирактын Күртстан аймактык президенти Масуд Барзани шейшемби күнү Ирбилде жергиликтүү парламентте сүйлөгөн сөзүндө Иран менен Түркиянын артиллериядан ок атканын кескин айыптады жана эки өлкөдөн тең муну дароо токтотууну талап кылды. Өзгөчө күрт элине каршы ушундай кастыкка барарын ирандыктардан эч качан күткөн эмеспиз,деп айтты Барзани.

Лондондогу экономика мектебинин изилдөөчүсү Яхия Сайид улуттук азчылыкты түзгөн күрттөрдүн проблемасы Иранда да бар экенин,бирок ал Түркиядагыдай масштабга жетпесе да Тегерандын “баш оорусу” болуп калганын эске салды. Иран да түрктөрдүн жолоюна салып, күрттөрдү сестенип тургусу келет. Андыктан алардын мындай артоперациялары жакынкы аралыкта токтору күмөн. Буга жадакалса Кошмо Штаттары да арачы боло албайт. АКШ Түркияны тыйа алат деп ойлобойм, дейт Сайид. Атүгүл түрктөргө кандайдыр бир кысым жасай алары деле күмөн. Түркия Ирактагы согушту колдобой койгон соң эки өлкөнүн алакалары кыйла морт тартып кетти. Анын үстүнө маселенин моралдык жагы бар. Түркиядагы, Ирандагы күрт топтору негизинен террордук ыкмалар менен аракеттенишет, АКШ болсо андайларды колдой албайт.

XS
SM
MD
LG