Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

УКРАИНАДА ПАРЛАМЕНТ ӨЗҮН КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРАТТЫ

4-сентябрда Украинанын парламенти өлкөнүн президенти менен парламент депуттарын, ошондой эле сотторду юридикалык кол тийбестиктен ажыратты. Бирок бул жөнүндө кабыл алынган мыйзамдардын күчүнө кирери күмөндүү, анткени Рада 2- апрелде президент тарабынан таркатылып жиберилген.

Президент Виктор Ющенконун бир нече жарлыгы менен таркатылып жиберилгенине карабастан Жогорку Рада 4-сентябрда сессиясын өткөрүп, констициянын статьяларына оңдоолорду киргизүү туралуу мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, өлкөнүн президенти жана парламент депутаттары кол тийбестик укугунан ажыратылды.

Сессияны ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө парламенттин спикери Александр Мороз жыйын толук легитимдүү экенин жана анда кабыл алына турган чечимдер мыйзам күчүнө ээ болооруна ишендирди.

Бирок сессияда 450 депутаттын 269 гана болду.
Мыйзамды өттү деп эсептөө үчүн ага 300дөн кем эмес депутат, башкача айтканда, парламенттеги көпчүлүк макул добуш бериши керек. Ал эми сөз кылып жаткан мыйзамды сессияда каттоодон өткөн 269 депутаттын 259 гана колдоду. Юлия Тимошенконун блогу менен жана Биздин Украинанын депутаттары парламенттик мандаттарынан өз эрки менен баш тартышкан жана сессияга катышкан жок. Алар президенттин бир нече курдай указы менен таркатылган парламентти легитимдүү деп эсептешпейт.

Депутаттарды жана президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамы конституцияга оңдоолорду киргизүүнү талап кылган мыйзам болгондуктан, аны эми Конституциялык сот карап чыгып, кайра парламенттин бекитүүсүнө жиберет. Мыйзамды бекитүү үчүн аны 300дөн кем эмес депутат колдоп чыгуусу абзел.

Юридикалык жактан алып караганда, парламенттин 4- сентябрдагы чечими мыйзамдуу күчкө ээ эмес. Бирок практикалык жактан алып караганда күзгү парламенттин күзгү сессиясын баштоо -кырдаалдын талабы болду.

-Бүгүнкү сессияны өткөрүү биздин парзыбыз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразы болгон күчтөрдүн өз ара тиреши башталып, өлкө бийлигинде баш аламандыкты жаратышы ыктымал, жаңы парламент мыйзамсыз деп таанылышы мүмкүн. Мындай коркунучту биз этибарга албай койо албайбыз,- деди Мороз.

Ошентип азыркы парламент өзүнүн кызмат мөөнөтүн узартып алууну көздөп жатат. Анан калса шайлоонун жыйынтыгы расмий танылган күнү да, жаңы өкмөт жана бийлик органдары тез арада түзүлө койбойт. Анткени алдын ала сурамжылоо көрсөткөндөй, Юлия Тимошенконун блогу менен Биздин Украинанын тарапкерлеринин саны Региондор, Коммунсттик жана Социалисттик партиялар менен кеминде бирдей болууда.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
Куржундар
XS
SM
MD
LG