Эки жылдан бери Балыкчы шайлоо округунда бош турган депутаттык орунга эми 15 талапкер ат салышат. №69 Балыкчы шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакас Айсултановдун айтуусунда, каттоодон өткөн 15 талапкердин экөө аял киши. Ал эми эл арасында түрдүү пикир жараткан мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Субаналиев менен “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев жөнүндө ал буларды белгиледи:
- Субаналиев бүт болгон документтерди тапшырган. Маалымат бере турган жерге Ички иштер министрлигине кат жибергенбиз, ал жактан жооп келген, ага эч кандай кылмыш иши козголгон эмес, ошон үчүн шайлоого барганга укугу бар. Ал эми Мотуев боюнча, ал азыркы убака чейин арызын бере элек.
Шайлоо комиссиясынын баамында 30 миңдей шайлоочу үчүн 15 талапкерге добуш берүү эки айлампа менен дагы өтүшү мүмкүн.
Депутаттыкка бел байлаган талапкерлер өткөн шайлоодо күрөө акыга 10 миң сом төлөсө, быйыл 102 миң сом төлөшөт экен. Учурда катталган 15 талапкердин ону гана бул сумманы төлөгөн.
Комиссиянын билдирүүсү боюнча 30-сентябрда өтө турган шайлоого 10-сентябрга чейин 26 шайлоо участкасы түзүлөт. Ага борбордук шайлоо комиссиясынан 334 миң 776 сом каралган экен. Ал эми балыкчылык шайлоочулар болсо мурдагы депутаты Тынычбек Акматбаев менен Рысбек Акматбаевдер менен бирге күч сынашкан талапкерлер кайра дагы эле ат салышып атканын туура көрбөйт экен:
- Биздин элде жакшынакай сөз бар эмеспи, бирөө өлмөйүнчө бирөөдө күн жок дегендей. Анысы кандай, Акматбаевдин убагында алар менен чогуу аттандашып кандидатурасын койгондор бар эле, азыр ошолор эле кайра кандидатурасын коюп атат. Ошолордун арасынан жакшынакай депутатты шайлап алсак жакшы болот, - Турат аттуу тургун.
Айдай Калкабаева эркек депутаттарга ишенич артпайм дейт: - Канча кишини шайладык, шайлангандан кийин басып келбей атпайбы. Айткан сөзүнө турган, элдин шартын түшүнгөн кишилер болсо биз колдоп беребиз. Парламентте аялдар жок. Мен аялдарды колдойм.
Ал эми айрым шайлоочулар жергиликтүү талапкерлерди гана депутаттыка көтөрүү керек деген ойдо:
- Биз Балыкчыны караган балыкчылык адам болсо деп атабыз. Таластыктар мисалы бул жака келбейт да, -дейт Балыкчы шаарындагы №17 кварталдык комитетинин башчысы Гүлийпа Болотова.
Анын пикирин четке каккан дагы шайлоочуларды жолуктурдук:
- Элдин айтып атканына мен каршымын. Биз алакандай Кыргызстандын элибиз, түштүктөн болобу, түндүктөн болобу жеке эле округга эмес, кыргыз элине күйө турган кандидатты тандап алышыбыз керек.
Балыкчы округунан депутаттыкка ат салышууга көрсөтүлгөн 15 талапкердин жаш курагы 33ден 50 жашка чейинкилер, жердиги Талас, Жумгал, Бишкек, Балыкчы жана Чүй өрөөнүнөн экени аныкталды. Акыркылардан болуп Ысыккөл биосфералык аймактын директору Эмилбек Каптагаев “Улуу биримдик” партиясынан катталды, калганы өзүн өзү көрсөтүптүр.
Мындан эки ай мурда депутаттыка коем деп расмий жарыялаган Тынычбек менен Рысбек Акматбаевдердин атасы Абдымалик аксакал андан баш тартты.
Бул округдан 2005-жылы Тынычбек Акматбаев депутат болуп, ал 31-жаза өтөө колониясында иш сапары менен жүргөндө камактагылардын колунан өлгөн. Анын ордуна агасы Рысбек Акматбаев 2006-жылы шайлоодо 80 пайыздай добуш алып, бирок ар кандай себептер менен мандаты берилбей жүргөндө белгисиз атылган октон мерт болгон эле. Эми жаңы шайлоо кодекси боюнча 2005-жылкы шайлоо жокко чыгарылып, 30-сентябрга кайра шайлоо белгиленди.