Россиянын маалымат булактары, “Новая газетанын” кызматкерлерине шилтеп, Анна Политковскаянын өлүмүн иликтеген тергөөчүлөр тобунун жетекчиси Петр Гарибяндын ордуна башка даражалуу кызматчы дайындалганын кабарлаган эле.
Бул кабарды Россиянын Баш прокурорлугу жокко чыгарып, Гарибян топто тергөөчү катары калганын, анын ордуна мурда Өзгөчө маанилүү иштер башкармалыгын жетектеген Сергей Иванов дайындалганын билдирди.
Россиялык аскерлердин Чеченстандагы мыйзамсыз иштерин, ошондой эле Кремлдин Чеченстандагы саясатын сындаган курч макалалардын автору Анна Политковскаяны былтыр октбярда Москвада үйүнө кирип баратканда белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.
“Новая газетанын” орун басар редактору Сергей Соколов “Азаттыкка” берген интервьюда калемдеш- коллегасынын өлүмүн иликтеген тергөөчүлөр тобунун тегерегиндеги “маалымат оюндарына” таң калбасын, Гарибянды алмаштыруу иштин саясый мүнөзүн сыпаттайт деди. Анын сөзүнчө, тергөө алгач болжолдонгондон бир кыйла татаал экенин кийинки камакка алуулар көрсөтүүдө:
-Биз гезитчилер үчүн береги орун алмашуулар негизи жок жасалды. Биз Петр Гарибян менен иштей беребиз. Эч ким кызматтан алынбады. Азыр камакка алуулар улантылууда. Суралчу адамдар көп. Жаңы маалыматтар пайда болууда. Тергөө башта күтүлгөндөн бир канча татаал жана кыйын болуп чыкты.
27- августа Россиянын баш прокурору Юрий Чайка журналисттерге Политковскаянын иши боюнча тергөө аягына чыкканын билдирген. Ал ошондой эле бул ишке байланыштуу 10 киши камакка алынганын, журналистти Россиянын чет жерлик душмандары колдогон уюмдашкан кылмыш тобу президент Путиндин аброюна шек келтирүү жана өлкөдөгү кырдаалды бейстабилдештирүү максатында өлтүргөнүнө көңүл бурган. Чайканын бул билдирүүсүнөн кийин шектүү деп кармалган эки адамды милиция койо берди. Алардын ким экени маалымдалган жок.