Рая Кадырова баш болгон жарандык коомдун өкүлдөрү президент менен жалпысынан беш маселени талкуулашты. Алар өлкөнүн өнүгүү стратегиясы, баш мыйзамды реформалоо процесси, укук коргоо органдарын реформалоо жана адам укуктары, шайлоо кодексине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жана акыркысы аялдарга парламенттен квота берүү маселеси. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жолугушуудагы көтөрүлгөн маселелер тууралуу буларды айтты:
- Бул жолугушуудагы эң негизги маселе, жарандык коом менен бийликтин ортосундагы кызматташтыктын кандай болушу керектиги тууралуу сөз болду. Андан тышкары шайлоо кодексиндеги аялдардын шайлоого катышуу укугун кеңейтүү тууралуу сунуштар түштү. Баш мыйзамды реформалоо тууралуу маселелерди да көтөрүштү.
“Эларалык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун президенти Рая Кадырова, негизинен жолугушуунун жүрүшүнө ыраазы экендигин билдирди. Анткени президент баш мыйзамды реформалоо, шайлоо кодексине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сыяктуу маселелерге макул экендигин билдирген. “Бирок биз президент өз убадаларын аткаргандан кийин, реформа жаатында өзүнүн пикирин ачык айткандан кийин гана толук ыраазы болобуз”,- дейт Рая Кадырова. Маселен, баш мыйзамды реформалоо жаатында кандай сөз болгону тууралуу ал буларды айтты:
- Президент конституциялык реформа сөзсүз түрдө болот деп айтты. Бирок ал баш мыйзамдын долбоорун конституциялык сот карап атканын, ал анын ишине кийлигише албасын айтты. Биз болсо «сиздин азыркы конституциялык сотуңузду жакшы билебиз» деп жооп бердик. Мына ушул эле конституциялык сот Акаевди эки жолу мыйзамсыз түрдө бийликте калтырып койгон. Ошондуктан контитуциялык сотко ишеничибиз болбой атат да. Негизинен президент ушул баш мыйзамдын долбоорун колдойм деп өзү айтпагандан кийин, балким Атамбаевдин баш мыйзамынын долбоору өтпөйт.
Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында, президент башынан эле берген убадаларын аткарбай келатат. Ошол себептүү жарандык коомдун өкүлдөрү көтөргөн маселелер деле жакын арада ишке ашып кетүүсү күмөн:
- Тилекке каршы бүгүн бийликтин жана мыйзамдын абройу толук кеткен. Азыр бийлик иштебей эле телефон иштеп атат. Мыйзам бардыгына бирдей болбой ылгап, жакыр же сын пикир айткандарга катуураак иштеп, ал эми мактап же кошомат кылгандарга тескерисинче иштеп атат. Эгер президент элге убадасын берип, аны аткарып, анын мөөнөтү бүткөндөн кийин элге кабарын берсе туура деп айтат элем. Бирок андай болбой атпайбы. Көптөгөн убадалар, чечимдер, анын ичинде президенттики да аткарылбай атат.