Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

ЕВРОПАДА ТЕРРОР КОРКУНУЧУ КҮЧ АЛУУДА


Европада террордук кол салуу коркунучу күч алып баратат. Кечээ Германияда террористтер деп шектелген үч киши камакка алынды. Ошол эле күнү Даниянын коопсуздук кызматы террористтер деп шектелген 8 кишини кармады.

Германияда кармалган үч киши теги Борбор Азиядан чыккан "Джихат" исламдык тобунун мүчөлөрү болушкан. Алар мүчө болгон уюм 2006-жылы негизделген экен. Кармалгандардын экөө Германиянын, бирөө Түркиянын жараны. Алардын экөө ислам динине өткөн немецтер болуп чыкты.

Өлкөнүн федералдык прокурору Моника Хармстын айтымында, үчөө тең Пакистанда террорчуларды машыктыруучу лагерден окуп, Франкфурт шаарындагы аэропортун жана АКШнын Германиядагы аскердик базасын жардырууну пландаштырышкан.

Алардын үйлөрүнөн табылган жардыргычтын күчү 2003-жылы Мадридде жана 2005-жылы Лондондо болгон жардырууларга тең келмек. Германиянын коопсуздук кызматы кечээ дагы бир катар федералдык жерлерде тинтүүлөрдү жүргүздү.

"Нью-йорк таймс" гезтинин жазышынча, ошол эле шейшемби күнү Даниянын коопсуздук кызматы Ал- Кайыда террордук желеси менен байланышы бар делинген сегиз кишини кармады. Алардын алтоо Даниянын жарандыгын алган оогандар, пакистандыктар, сомалиликтер жана түрктөр болуп чыкты. Даниянын коопсуздук кызматы терррочуларды колго түшүрүү менен ири террордук кол салуулардын алдын алганга жетишкенин жана бул чет элдик коопсуздук кызматтары менен тыгыз кызматташуунун арты менен, айларга созулган иликтөөнүн натыйжасында, мүмкүн болгонун билдирди.

Беймаалым калууну кааалаган Европалык бийлик өкүлү Нью -Йорк Таймс гезитинин кабарчысына берген маалыматында кармалган адамдарбомба жасоо максаты менен химиялык заттарды сатып ала башташканын жана болжолдо Даниядагы объектилерге кол салмакчы болушканын айтты.

Дания 2005-жылдан бери террордук кол салуулардын бутасы болуп калды. Буга өлкөнүн "Йилландс –Постен" гезитинин Мухамед пайгамбарды мазактаган карикатураларды басып чыгарганы себеп болду. Бул шылдыңга ачууланган бир катар демонстрацияларда 50дөй киши курман болуп, айрым мусулман өлкөлөрү Даниянын товарларына бойкот жарыялашкан.

Борбордук Европанын Саясий Изилдөөлөр Борборунун аналитиги Флориан Гаер Германиянын бутага алынып жатканын анын Ирак согушуна каршы чыкканы менен, Ооганстанда өз аскерлерин жайгаштырганы жана аскердик операцияларга чектелүү көлөмдө болсо да катышып жатканы менен түшүндүрөт. Анын үстүнө бул өлкөдө АКШнын аскердик базалары бар. Ал эми Дания жөнүндө буларды кошумчалады:

-Данияда жарык көргөн карикатуралар кооптуу кырдаалга түрткү болгонун тана албайбыз. Бул жөнүндөгү талаш дискуссиялар өлкөдө эмдигиче басыла элек. Карикатуралардан тутанган нааразычылык адамдардын радикалдашуусуна жана Дания өкмөтүнө каршы чыгууга түрткү болуп жатат,- дейт Гаер.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG