Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

ИРАКТА ОН СЕГИЗ ОЗУЙПАНЫН ОН БИРИ ОРУНДАЛГАН ЭМЕС


Иракта зобун-зомбулуктун деңгээли жогору бойдон турат, саясий процесс илкип-калкып жүрүүдө, коопсуздук чөйрөсүндөгү күч-аракеттер каалагандай натыйжа берген жок, деп белгиленет конгресстин көз карандысыз ревизиялык мекемесинин докладында. Бу темада быйыл июлда Ак үй өз докладын жарыялап, белгиленген милдеттердин көбү жүзөгө ашырылды деп ырастаган эле.

Ирактагы абалды жөнгө салуу боюнча мерчемдүү иш-чаралардын планын премьер Нури ал-Маликинин өкмөтү былтыр июнда түзүп, быйыл майда аны АКШ конгресси бекиткен эле. Анын аткарылышын текшерип, конгресстин ревизиялык көз карандысыз органы - бюджет-контрол боюнча башкы башкарма - документте аныкталган 18 пункттан үчөө толук, төртөө жарым-жартылай түрдө гана жүзөгө ашырылганын белгиледи. Калган 11 пункт кагаз бетинде калган. Өзгөчө түйүндүү милдеттер – диний жааттар арасындагы араздарды азайтуу, ар кошкон топторду куралсыздандыруу, мунай сатыгынан түшкөн кирешени мыйзамдуу үлөштүрүү, коопсуздук күчтөрүн чыңдоо жаатындагы пландар үзгүлтүккө учураган.

Ревизиялык кеңсенин жетекчиси Дэвид Уолкер коопсуздук чөйрөсүндө бир гана Анвар провинциясын бөлүп көрсөттү. Бу жердеги абал жакшырганы талашсыз, деп айтты ал сенаттын тышкы иштер комитетинде ревкеңсенин доклады менен тааныштырып жатып. Бирок Анвар Багдад эмес, Анвар провинциясындагыдай абал Ирактын калган аймактарына али жайыла элек.

Уолкер америкалык аскерлер козголоңчулардан тазалаган райондордо деле кырдаалды көзөмөлдөгөнгө Ирактын коопсуздук күчтөрү жарай аларына да күмөндөр экенин кошумчалады.

Ревизиялык кеңсенин документиндеги тыянактар быйыл июнда Ак үй жарыялаган докладдагы корутундуларга төп келбейт. Ак үйдүн отчетунда Ирактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча белгилеген пункттардын сегизи толук аткарылганы,коопсуздук абалы жалпы өлкөдө кыйла чыңдалганы айтылган эле.

Бул темада эми 15-сентябрда конгресске Ирактагы америкалык контингенттин командачысы генерал Дэвид Петреус менен АКШнын Багдаддагы элчиси Райан Крокердин кошмо доклады берилиши керек. Генерал Петереус кечээ Эй-Би-Си телеканалында Ирактагы аскерлердин санын кыскартууну сунуш кыларын каңкуулады. Анын алдында президент Буш өзү да Иракта күтүүсүз визит менен болуп,бу жерде коопсуздук кырдаалы өзгөрө баштаганын,эгер иш ушул оролдо жүрүп отурса, анда америкалык аскерлерди көпкө кармап туруунун кажети калбай турганын кыйыткан эле.

XS
SM
MD
LG