Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

КАЙЫҢДЫ ЗАВОДУ ЖАБЫЛСА ДЫЙКАНДАР КЫЗЫЛЧАСЫН КАЙДА АЛЫП БАРАТ?


Кыргызстандагы “Кайыңды кант” заводу жабылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. Аталган завод өлкөдөгү кант өндүрүүчү монополист ишкана болуп эсептелчү. Кызылча айдаган дыйкандар жайды жайлай кылган мээнети менен алган түшүмүн кайда алып барууну билбей баш катырып жатышат. Адистер болсо заводдун жабылышы менен Кыргызстанда канттын баасы көтөрүлөрүн айтышууда.

“Кайыңды” кант заводунун жабылып жатканы тууралуу маалыматты ишкананын жумушчулары айтып чыгышты. Панфилов районунун тургуну Такен Молдокуловдун маалымат жыйынында айтканы боюнча заводдо 1000 ден ашуун жумушчу эмгектенет:

-Заводдо кант иштетүү учурунда миңден ашык киши эмгектенет. Мына ошонун баары жумушсуз калып жатпайбы. Заводдун жабылып жатканы – факт.

“Кайыңды” кант заводу Орусиялык ишкерлердин колунда. Март ыңкылабынан кийин аталган ишкананы мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык мүлк катары мамлекетке кайтарып алуу тууралуу сунуштар да болгон.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жылы өлкөдө 9 миң гектарга жакын жерге кант кызылчасы айдалган. Бул мурдагы жылга караганда дээрлик тең жарымына аз. Өткөн жылы кант кызылчасынын баасы арзан болгондугу үчүн дыйкандар эгиндин бул түрүн аз айдашкан. Жыл сайын завод дыйкандар менен алдын ала келишим түзүп, анын негизинде кызылчаны сатып алуучу. Кызылчачылардын айтуусунда быйылкы жылы келишим түзүлгөн эмес:

-Дыйкандар эң акыркы уюн сатып, коюн сатып, үрөн сатып алып, жерин айдатып, кызылча эгишкен. Эми минтип түшүмүн кайда алып барарын билбей отурушат. Эгер завод жабыла турган болсо, жазында билдирүүгө тийиш болчу,- дейт Такен Молдокулов.

Кант заводу жабылып калса Кыргызстанда кумшекердин баасы көтөрүлөт, аны менен бирдикте кант азыктары да кымбаттайт деген тынчсыздануулар бүгүнтөн тартып пайда боло баштады. Аз убакта эле азык-түлүктүн бардык түрүнө баа көтөрүлүүсү карапайым элдин ансыз да жукарып турган жонунан кайыш тилип жатат дешет биз кепке тарткан кээ бир маектештер.

Сүт дүкөнүнөн каймак сатып алып жаткан Гүлсара аттуу аял кумшекер кымбаттаса эң биринчи балдарга кыйын болот дейт:

-Менин балдарым кумшекерсиз чай ичишпейт. Минтип кымбаттай берсе балдарды кумшекери жок чай ичкенге үйрөтөбүзбү. Анын үстүнө кумшекер кымбаттаса, калган таттууларыңдын баары кымбаттайт да. Мен жөнөкөй жашоочу катары “Кайыңды” кант заводунун жабылышына каршымын.

Кайыңды кант заводунун жабылып калуу ыктымалдыгы ишканага тапшырылчу чийки заттын аздыгына байланыштуу болуп жаткандыгы айтылууда. Аталган завод жайгашкан Панфилов районунун акими Самарбек Күчүковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча ишкананын жетекчилиги менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр учурунда кант кызылчасын өстүрүү кескин азайып кеткендигинен улам кант өндүрүүгө кеткен чыгаша акталбай жаткандыгы тууралуу айтылган:

-Булар кант өндүрүлө турган чийки заттын өлчөмүнө карап жатышат. Алар быйыл 60 миң тоннага жакын түшүм алынат болгону деген туура эмес маалымат алып алышыптыр. А биздеги маалыматтар боюнча быйыл 160 миңге жакын түшүм жыйналат. Биз менен жетекчинин экономикалык жактан орун басары сүйлөштү. Анын айтуусунда эгер сырье жетиштүү болсо, завод жабылбай калышы да мүмкүн экен,-дейт Панфилов районунун акими Самарбек Күчүков.

Кайыңды кант заводу жаңыдан ишке кирген жылдары жылына 85-87 миң тонна кызылча иштетүүчү. 2003-2004-жылдары ишкана жылыны 400 миң тоннага чейин чийки зат иштеткен. Өткөн жылы заводго 180 миң тонна кызылча тапшырылган.

“Кайыңды” заводу Кыргызстандагы кызылчадан кант өндүргөн монополист ишкана болуп эсептелүүчү. Ал эми “Кошой” кант заводу учурда чийки зат кабыл алууга даяр эмес.

Кайыңды кант заводу өткөн жылы мамлекеттик бюджетке 13 млн сом салык төккөн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG