Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

СОКУЛУКТА МЫЙЗАМСЫЗ САЛЫНГАН ҮЙЛӨР БУЗДУРУЛДУ


Жазгул Жамангулова, Чүй Сокулук районундагы он үч гектар жерге мыйзамсыз салынып жаткан жүз элүүдөй үйдүн көбүнчөсүн жергиликтүү бийлик 5-сентябрда түрттүрүп таштады. Үй куруучулардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды. Бирок бузулган үйлөрдүн ээлери жергиликтүү бийликти сынга алып, жерге мукташ жарандардын укугу тебеленди деп белгилешүүдө.

- Бул басмачылык, мен алты баламдын айынан жүрөм. Жок дегенде ушул үйлөрдү талкалабай турса, адамча түшүндүрсө болот эле да. Биз 2005- жылдан бери жер ала албай муңкурап жүргөн карапайым адамдарбыз. Көз жаш менен эсептешпеген ушул бийликти да эл шайлаган.

- Мына менин колум көкала. Булар бизди басып кирип эле жаңы курулуп калган үйлөрдү талкалап салышты. Биз эмне башка жактан келиптирбизби? Биз дагы жергиликтүү тургундарбыз. Канча мыйзамсыз жер басып алгандар жашап атат. Бизге келгенде эле мыйзам иштеп калдыбы? Дегиле мыйзам иштебеген, бизге келгенде эле мыйзамдуу боло калдыбы?

Колдорунда эч кандай документи жок болсо да курулуш баштап алып, эми андан айрылып калган карапайым адамдар ушинтип арызданышууда. Алар жер сатууну өнөкөт кылган Света Сулайманова атуу айымга алданып калышканын айтышууда.

- Менин атым Токтобүбү, мен өзүм Света Сулайманова деген айымга төрт жүз алтымыш, анан взнос үчүн миң сом бергем. Ал бизди ушул жерге баштап келип көрсөткөн. Биз ага ишенгенбиз. Бирок биз азыр алданганыбызды билдик.

Үйлөрдүн жетимиш пайызы бүтүп калган. Алардын арасындагы чатыры жабылып калган алты тамдын ээлерине болсо эки күндүк мөөнөт берилди. Бирок ошол бузулбай калган тамдардын артында жергиликтүү бийликтин, Ново- Павловка айыл өкмөтү Болот Мамышевдин зор кызыкчылыгы турганын белгилешти. Буга карата айыл өкмөт төмөндөгүдөй жооп берди.

- Ал жерде бузулбай калган үйлөргө эки күн бердик. Аларды бузулганда көрөсүңөр акимдикиби же меникиби? Ал жерде жергиликтүү бийликтин эч кандай тиешеси жок.

Учурда үйдү мыйзамсыз кургандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Бирок кандай айткан күндө да булар жерге муктаж адамдар, андыктан кийин тизме менен мыйзам жолунда жер берилеби же берилбей калабы деген суроону Сокулук районунун акиминин орун басары Анарбек Дөлөталиевге бердик.

- Бузулуп жаткан тамдарды көрүп биздин да жаныбыз кейиди. Ошондо бир колу жок жаш бала ыйлап келди. Мен айттым, акимчиликке кел сенин маселенди карап көрөбүз деп. Андайлар да бар. Бирок булардын көбү кезекке турган эмес. Мыйзамсыз иш кылып жаткандар кайдан жер алат.

Бирок учурда райондун өзүнө тиешелүү бөлүнө турган жүз жетимиш эки гектар жери бар. Сокулук райондук кеңештин чечимине ылайык ал жерлердин дээрлик көп пайызы жергиликтүү тургундарга гана берилет.

XS
SM
MD
LG