Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

БРЮССЕЛДЕ ЭМНЕ ҮЧҮН 11-СЕНТЯБРДА ДЕМОНСТРАЦИЯ ӨТКӨРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРИШПЕДИ?


Брюсселдин бийликтери 11- сентябрда исламдын Европада өсүп бараткан таасиринен чочулаган адамдардын демонстрация өткөрүүсүнө уруксат берген жок. Жыйындын демилгечилери муну сөз эркиндигин бузуу деп баалашты. Брюсселдин мэри аларды 2001- жылда АКШнын шаарларында террордук чабуулдар болгон күнгө туштап демонстрация пландап, адамдар арасында жек көрүүчүлүктү жайылтмакчы болушту деп күнөөлөдү.

“Европанын исламдашуусун токтот” деген ураан астында 11- сентябрда өтчү демонстрацияга Германия, Британия, Дания жана башка өлкөлөрдөн 20 миңдей адам келет деп болжолдонуп жаткан. Брюсселдин мэри Фредди Тилеманс оңчул топтордун мүчөлөрү менен мусулмандар арасында уруш чыгып кетиши ыктымал деп кооптонуп, демонстрацияга уруксат бербей койду. Бул чечимди Административдик сот колдоду. Эми Бельгиянын Жогорку Соту өз сөзүн айтыш керек.

Бирок, Тилеманс мырза “Чындык үчүн биримдик” уюмуна 9- сентябрда жүрүшкө чыгуусуна уруксат берип, исламдын таасирине каршы күрөшүүчүлөрдүн кыжырын келтирди. “Чындык үчүн биримдиктин” мүчөлөрү 11- сентябрдагы чабуулдарды “ал- Каида” эмес, Буштун кеңсеси уюштурду деп шек санашат.

Европанын исламдашуусуна каршы жыйындын башкы уюштуруучусу- германиялык журналист Удо Ульфкотте. Ал узак жылдар ислам экстремизин изилдеп жүрөт. Ульфкоттенин сөзүнө караганда, саясатчылар мусулман жамаатын кыжырдантуудан коркуп, анын ичинде катылып жаткан коркунуч жөнүндө сүйлөөдөн качышат:

-Көпчүлүк эл, өзгөчө, саясатчылар мусулман жамаатын нааразы кылууну каалабайт. Европада, мисалы, Ислам дүйнөсүндөгү негизги террорчул уюмдардын ана башы- “Мусулман агайиндердин” даражалуу мүчөлөрү бар. Алар азыр бизге коркунуч жаратууда. Бул топтордун мүчөлөрү Германияда, бүтүндөй Европада бар жана алар каалаган нерселерин эркин жасашат. Алар саясатчылар менен өнөктөш катары сүйлөшөт. А саясатчылар антишпейт. Алар бизди коркутууда. Алар алдап жатат.

Ульфкоттенин тарапкерлери ислам менен демократия бир казанда кайнабайт, анүчүн исламдын Европада үстөмдүк кылган саясый күчкө айлануусуна жол бербеш керек дешет.

Фазия Талоуи айым- теги марокколук. Ал фламан жана англис тилинде сүйлөйт. Мурда Антверп провинциясындагы чакан солчул партиядан Бельгия парламентинде сенатор да болгон. Адвокат аял 11- сентябрда демонстрация өткөрүүгө каршы:

-Биз көп маселерди талкуулашыбыз керек. Бирок, талкуу эки адам ортосунда, уюмдар арасында өткөнү оң. Бир тараптын мусулмандар көп жашаган Брюсселде демонстрацияга чыгуусу элди куткулап жиберчү нерсе. Демонстрациянын катышуучулары мусуламандарга жана алардын динине каршы бузукулукка барышы мүмкүн.

Ырас эле, Брюсселдин калкынын бештен биринин теги мусулман. Ал эми Ульфкотте жана анын тарапкерлеринин айтышынча, мусулмандарды басынтпайлы деген идея европалыктар үчүн саясый жактан өтө эле сезитал темага айланып кеткендиктен, алар өз баалуулуктарын мусулмандар алдында айткандан коркушат. Айтсак, Шотландиянын саламаттык сактоо кызматы өз кызматчыларын орозо айында жумуш учурунда мусулман кесиптештери алдында тамак жебей, сыпайы болууга чакырган. Антверптик айрым мусулмандар башка диндерге калыс мамиле жасоо үчүн коомдук жайларда Жаңы жылда балаты орнотпоого же Пасха учурунда жумуртка илбөөнү сунуш кылышкан. “Эми биз мусулмандардан дагы эмне силерди кемсинтет деп сурайлыбы?” дейт Удо Ульфкотте.

XS
SM
MD
LG