Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

ОРУСИЯДА МАМЛЕКЕТТИК ДУМАНЫ ШАЙЛОО ЖАРЫШЫ ЧЫНДАП БАШТАЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ "Российская газета" 2-декабрда Мамлекеттик Думаны шайлоо боюнча орусиялык президент кол койгон Жарлыкты жарыялады. Бул жолу шайлоо Орусияда кабыл алынган жаңы мыйзам негизинде өтмөкчү. Ылдыйкы палатага 450 депутат шайланууга тийиш. Кремл бийлиги аркалап жүрүп кабыл алдырган жаңы мыйзамга ылайык шайлоо партиялык тизме менен өтөт. Ар бир партия чогулткан добуш жыйындысы шайлоого катышкан кишилердин жалпы эсебинин 7 пайызынан аз болбоого тийиш.

Мурдагыдай ар кыл партиялардан жаат түзүүгө уруксат берилбейт. Добуш берчү баракчадагы «баарына каршымын» бөлүмү алынып ташталган. Шайлоодо ат салышамын деген саясий партиялар 17-октябрга чейин 200 миңден кем эмес өзүн жактай турган кишилердин колун топтоп же күрөөгө 60 миллион рубль (2 миллион 3400 долларга тете) коюп Борбордук шайлоо комитетинин тизмесине илинмекчи.

Орусиялык БКШнын төрагасы В. Чуров айтканга караганда президент Владимир Путин чыгарган жардык жарыялангандан тартып ырасмий түрдө өлкөдө каттоодон өтүшкөн 15 саясий партия Мамдумадан орун талашууга укуктуу. Ошол күндөн баштап отуз күндүн ичинде алар Думадан орун талашуучу талапкерлер тизмесин түзүп чыгуулары керек.
Анализчилер чөйрөсүндөгү кепте Кремл бийлиги кийинки төрт жылда шайлоо мыйзамын бузуп туруп, кайра өзү уюштурган партиялар добуштун дээрлик көпчүлүгүн алгыдай кылып жазып чыккан.

Ат салышка катышканы турган орусиялык коммунисттер жетекчилеринин бири Александр Кровец айтканга караганда алар беттешкени турган ««Бирдиктүү Орусия» - партия эмес, ал Кремлдин чиновниктери таянып бийлик жүргүзүүчү курал».

Ал эми «Адилет Орусия» партиясынын борбордук кеңешинин мүчөсү Юрий Лопусов айтканга караганда, өлкөдө баарыга бирдей кең турмушту коммунисттер эмес, алар курушат:

«Орусияда социализмди куруу «Адилет Орусиянын» маслети, бирок ал СССРдегидей эмес – башка, эмгекчил адамга багышталган жаңы социализм» - дейт.

Талдоочулар болсо бул ураан жеринен солчулдардыкы болуучу, мындан да так айтканда, коммунисттердики эле дешет.

Бүткүлорусиялык коомдук пикирди изилдөө борбору августтун этегинде чыгарган жыйынтыкта добуш бергени шайлоо бекеттерине барамын дегендер эсеби 59 пайызга жеткен. Алар добушун кайсы партияга берерин сурамжылап чыккандан соң Левада борбору: «Бирдиктүү Орусия» Мамдуманын - 285 орунун, КПРФ – 87 орунун, «Адилет Орусия» - 44 орунун, ЛДПР – 34 орунун ээлеше тургандыгын айткан.

Мамдуманын мурдагы депутаты, саясий талдоочу Виктор Шейнис айтканга келсек, Путин келип, өлкөдө 90-жылдары көз жарган демократияны бүлдүрүп салган. Анын ордуна «башкарылма демократия» таңуулап атат:

«Нагыз демократияда шайлоонун жыйынтыгы алдын ала билинбейт, «башкарылма демократияда» бийликке керектүү натыйжага жетиш үчүн колдон келген аракеттин баары жасалат».

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG