Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

БАШ ПРОКУРОР: АКСЫ ОКУЯСЫНДА К. БАКИЕВДИН КҮНӨӨСҮ ЖОК


Аксы окуясында Курманбек Бакиевдин юридикалык да, моралдык дагы күнөөсү жок экенин бүгүн Кыргызстандын башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев билдирди. Башкы прокурор Ички иштер министрлигинин Жалалабад облустук башкармалыгынын башчысы К.Токобаев тарабынан киргизилген «Тайфун» операциясын мыйзамсыз деп атап, ошондуктан кылмыш иши козголгонун белгиледи. Фактыларга караганда, Аксыда 2002-жылы 17-мартта саат 16:30 ок атуулар болгон. Андан кийин кечки саат алтыда Токобаев «17-март саат 14:00 баштап «Тайфун» операциясы киргизилди» деген чечимди чыгарган. Ал эми 17-мартта кечинде ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев киргизген «Тайфун» операциясы мыйзам чегинде болгон, деп белгиледи Элмурза Сатыбалдиев.

Баш прокурордун билдирүүсү «Лица» гезитинде жарыяланган «Курманбек Бакиевдин тайфуну» деген макаладан кийин болуп отурат. 2005-жылдагы президенттик шайлоодо саясатчылар Бакиевди жок кыла турган компромат дал ушул «Тайфун» операциясында жатканын шыбырашып калган эле. Бирок Аксы окуясына байланышкан документтер ошол 24-мартта Акүйдүн өзүндө эле жок кылынып салынса керек. Ал эми гезиттин колуна бул документ март революциясынан кийин келип тийген. Агездеги башпрокурор А.Бекназаров камап коет деп корккон бир чиновник, атын атабоону өтүнүп редакцияга алып келип берген болучу деп маалымдаган гезит «Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешмесинин (17-июнь, 2007-жыл, саат 21.00 дөгү № 31-23) протоколун" жарыялаган.

Кеңешме «Жалалабад облусундагы Аксы районунун элдүү пункттарында оперативдүү абалдын татаалданышы жөнүндө» маселени карап, ага О.Ибраимов, Н.Танаев, А.Карыпкулов, Ч.Абышкаев, Т.Акматалиев, К.Иманкулов, Р.Ешмамбетов, К.Жумалиев, К.Укулов, М.Керимкулов, М.Абдылдаев, Ж.Досматов, А.Орозов катышкан. Кеңешме Аксы районундагы абалды жөнгө салуу боюнча жети пункттан турган чечим кабыл алган. Массалык башаламандыкты жөнгө салуу үчүн «Тайфун», админстративдик имараттарды коргоо үчүн «Буран» пландары аракетке келтирилген.

Документте окуя болгон жерге керектүү сандагы спецназ отряддары, ИИМдин ички аскер бөлүгү жөнөтүлсүн, УКК менен Башпрокуратура биргелешип Аксы районундагы башаламандыктардын уюштуруучуларын таап чыгышсын жана КР мыйзамында көрсөтүлгөн тартипке ылайык жоопко тартсын деп айтылат.

Гезит мындан тышкары ошол кездеги премьер-министр К.Бакиевдин экстремисттик маанайдан улам келип чыккан Аксы районундагы абалга байланыштуу ИММ министри Т.Акматалиев башында турган республикалык штаб түзүү жөнүндөгү көрсөтмөсүн да шардана кылды.

XS
SM
MD
LG