Азербайджандын коргоо министри Ильгар Вердыевдын биздин радиого билдиргенине караганда, шейшемби күнү Тоолуу Карабакка жакын жерде эки тараптын аскерлеринин ок атышуусу болуп, андан эки азери жана үч армян солдат курман болду. Министрдин айтымында, аскерлер автономдуу республикага чектеш эки башка райондо орун алган ок атышууда жан таслим болушкан.
-Окуянын болгондугу чындык. Бир солдатыбыз Акдам районунда болгон ок атышууда, экинчиси Физули районундагы салгылашта 4- сентябрда жарадар болушту. Аткылашуу армян аскерлери биздин позицияларга ок ачкандан тутанган. Эки солдатыбыз тең тең госпиталдан каза болду. Алардын бири 1988- жылкы Османов Мухтар, Акдам районунан, экинчиси да 1988 - жылы туулган Исмаил Хусейнов, Физули районунан. Экөөндө тең биздин аскерлер армян аскерлерине жооп ок ачышты,-деп айтты министр.
Бирок өзүн-өзү жарыялаган Тоолуу Карабак республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү Сенор Хасратян бул маалыматты төгүнчө чыгарып, ок атышууда жабыркагандардын саны чындыкка төп келбейт, деди.
Азербайжандын курамындагы автономдуу Тоолуу Карабак республикасында негизинен этник армяндар отурукташкан. 1990-жылдардын башында болгон согуштун натыйжасында армян аскерлери анклав түспөлүндө жайгашкан автономдуу областын жана Армения менен Тоолуу Карабакты бөлүп турган Азербайджан аймактарын басып алып, жумурияттын Азербайжандан көз карандысыздыгын жарыялашкан. Кандуу согушта 30 миңден ашуун адам курман болгон.
Шейшемби күнкү ок атышуудан бир күн мурда Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү үчүн түзүлгөн Минск тобунун өкүлдөрү: АКШ, Россия, Франция жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен Брюсселде өз-өзүнчө жолугушуп, жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулашкан. Келерки аптада Минск тобунун өкүлдөрү Карабак тынчтык процессин жандантуу максаты менен Арменияга жана Азербайжанга келишет.
1994-жылы согушкан тараптар ок атышууну токтотуу келишимине кол койушкан. Бирок арадан өткөн 13-жылдын ичинде жаңжал жөнгө салынбай, Тоолуу Карабактын тагдыры чечилбей келатат. Карабактын көз карандысыздыгын эл аралык коомчулук тааныган эмес, бирок жумурият Азербайжандан де факто көз каранды эмес болуп жашайт. 19-июлда республикада кезектеги президенттик шайлоо болуп, анда Баака Саакян утуп алды. Бирок шайлоону АКШда Еврошаркет да мыйзамсыз деп жарыялашты.
Баян Жумакадыр кызы, Прага