Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

КОСОВО КОЛДОН ЧЫКСА, СЕРБИЯ ЭМНЕ КЫЛА АЛАТ?


Косоволук албан лидерлери быйыл жыл этегине чейин Белград менен Приштинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпаса, провинциянын көз карандысыздыгын жарыялаганга даяр экенин айтышууда. Мындай шартта Сербия кандай чара көрө алат? Бу маселеде белграддык чиновниктердин пикирлери эки ача чыгууда.

"Financial Times" гезитинде жарыяланган материалда Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич косоволуктар провинциянын көз карандысыздыгын жарыялай турган болсо, бүткүл Балкандагы коопсуздуктун түбүн омкоруп саларын эскертти. Бирок Сербия аскери аракеттерге барбайт, жалпы аймакты бүлүккө түшүрө турган мындай ишке Белград салым кошкусу келбейт, деп айтты Йеремич.

Ошол эле учурда "The International Herald Tribune" басылмасында Сербиянын Косово иштери боюнча мамлекеттик катчысы Дукан Пророкович провинцияга аскер күчүн колдонгонго Белград даяр экенин ырастады. Зарыл болсо чек ара жабылат, соода-сатык эмбаргосу жарыяланат, провинция туш тараптан камоолго алынат, деп билдирди ал.

“Азаттыктын” аналитиги Патрик Муур белграддык чиновниктердин мындай эки ача чыккан пикирлери бу маселе боюнча серб өкмөтүндө бир беткей позиция жоктугун билдирет деп эсептейт. Сербия 1999-жылдан бери Косовону башкаруу амиринен ажырады. Саясатчылардын көбү,ачыгын айтканда,провинцияны алдырып коюшканын жакшы билишет, дейт Муур.

Сербиялык жана косоволук албан делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 18-сентябрда болору болжолдонууда. Улуттар Уюму сүйлөшүүлөрдүн акыркы мөөнөтүн 10-декабрга белгилеген. Бул процесске катышып жүргөн чиновниктер менен байкоочулардын көбү тараптар өз ара кандайдыр бир келишимге келерине көздөрү жетпейт. Улуттар Уюмунун арачысы Марти Ахтисааринин провинцияга эл аралык көзөмөлдөгү көз карандысыздык берүүнү караган сунушун Сербия менен Россия караманча четке кагып жатышат.

Батыштагы бир катар лидерлер кокус косоволук албандар бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялап жиберишсе, Балканда кайрадан кандуу балаамат башталышы мүмкүн деп кооптонушат. Азыр Косоводо НАТОнун 17 миңдей бейпилдик контингенти бар. Патрик Муур мындай шартта сербиялыктар провинцияга аскер киргезе алары өтө эле арсар деп эсептейт.

Жагдайга тынчсызданып, жакында Нидерландия мунасалуу чечим катары Косовону серб жана албан бөлүгүнө ажыратууну сунуш кылган эле. Евросоюз лидерлеринин бири Олли Рен мындай вариант байланыш тобунун негизги принциптерине кайчы келерин белгиледи. Нидерланддардын сунушун серб тарабы да кабыл алган жок.

XS
SM
MD
LG