Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

ИСЛАМ ЖИХАД БИРЛИГИ – БАРБЫ ЖЕ ЖОКПУ?


Немец бийликтери Ислам жихад бирлиги деп аталган топ Германияда бир катар террордук иштерди жасоону көздөгөн деп ырасташууда. Бул топту Өзбекстан ислам кыймылы уюмунан бөлүнүп чыккан дешет. Эки уюмду тең АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөлүк террордук топтордун тизмесине киргизген.

Немец полициясы азыр он чакты адамды издеп жатат. Аларды мындан эки күндөй мурда кармалган үч террорчунун көмөктөштөрү дешет. Айтымда,бул топ АКШнын Рамштайндагы авиабазасында, Франкфурттагы эл аралык аэропортто, ресторандарда, кечки клубдарда бомба жардырмак болгон. Кармалгандардан экөө немец, бирөө түрк экени айтылууда.

Атайын кызматтардын маалыматтарына таянып, немецтердин ички иштер министри Волфганг Шойбле “Ал-Каида” менен тыгыз байланышкан Ислам жихад бирлиги Ооганстанда эле эмес,Германиянын аймагында да немецтерге каршы террордук кыянаттарды жасоону пландаган деп ырастады.Эгер алар пландарын ишке ашырууга жетишкенде, террордук балааматтардын кесири, министрдин айтымында, өтө чоң болмок экен.

Башкы прокурор Моника Хармс билдирген маалыматтарга ылайык, Ислам жихад бирлиги Борборазиядагы сүннү мусулман активисттеринен куралган, дүйнөнүн башка аймактарында,анын ичинде Европада жана Германиянын өзүндө да ячейкаларын түзгөнгө жетишкен.

Ислам жихад бирлиги – анчейин белгисиз топ. Биринчи ирет ал тууралуу 2004-жылы мартта Ташкенде жана Бухарада элүүдөй адамды жайран кылган бомба жапырыктар маалында сөз чыккан. Ошол эле жылы жайында Ташкенде АКШнын жана Израилдин элчиликтерине, Өзбекстандын башкы прокуратурасына жакын жерде жарылган бомбалар үчүн да жоопкерчилик ушул топко жүктөлгөн. Ислам жихад бирлигин Ташкен бийликтери Өзбекстан ислам кыймылы уюмунан ажырап чыккан дешет. Бирок бу топ саясий же диний платформасын эч жерде жарыя кылган эмес,өзүнө жүктөлгөн террордук иштерди же моюндап, же төгүндөп чыккан да эмес.

Ошентсе да бир катар эксперттер Германиядагы террордук пландарга бул топтун катышы бардыгынан шек санашпайт. ЦРУнун ветераны, терроризм жана коопсуздук иштери боюнча Германиядагы борбордун жетекчиси, полковник Ник Пратт мунун таңкала турган эчтемеси жок деп эсептейт. Германияда кармалгандарды ал “Ал-Каида” түзгөн уюмдардын мүчөлөрү катары мүнөздөдү. Алар Нидерландияда, Испанияда, Лондондо жасалган иштерди кайталамак болушкан.Германияда эмне кылышты алар жакшы билген, дейт Пратт.

Ал эми Лондондогу Евразия маалымат борборунун редактору Мэттью Клементс мындай пикирлердин аныгынан кадиги көп деген ойдо. Германияда кармалгандарды жана бул жерде пландалган иштерди ортоазиялык топторго тогоп салуунун өзү ага таң калыштуу көрүнөт. Эмне дегенде ортоазиялык топтор негизинен бир өлкөнүн ичинде аракеттенишет, эл аралык террорчулукта активдүү болгон эмес.

Британиянын Ташкендеги мурдагы элчиси Крейг Мюррей Ислам жихады бирлиги деген топ бар экенинен дегеле күмөн санайт. Мунун баары мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан репрессиялык саясатын актоо үчүн өзбек режими атайылап ойлоп тапкан тактика, дейт Мюррей.

Британ парламентинде 2005-жылы Ислам жихад бирлиги талкууга түшүп, айрым депутаттар аны террордук уюмга тогорушса, экинчилери буга анчейин ынанган эмес. Алардын бири Адам Прайс, мисалы, Анжиандын жайкын калкы Ислам жихад бирлигинен эмес, президент Каримовдун мыкаачы режиминен кырылды деп билдирген.

XS
SM
MD
LG