Күбөлөрдүн айтымында, Алмазбек Текебаев 4-сентябрда саат он бир ченде Ош шаарына караштуу Навои паркында жүргөн. Ошондон бир аз өтпөй аны милиция кызматкерлери кармап кетишкен да, шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына кийришкенин айтышкан. Алмазбек Текебаевдин эмне себептен кармалгандыгын, мында кымындай саясат жоктугун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков:
- Ош шаардык ветеринардык башкармалыгы жана ЭЛТР коомдук телевидениеси менен биргеликте Навои паркында жайгашкан кафени текшерүү учурунда Алмазбек аттуу жигит мас абалында алардын жумушуна тоскоолдук кылып, сөгүп, шаардык ветеринардык башкармалыктын башчысы Исаков Кумарбекти жана ЭЛТР коомдук телевидениесинин оператору Жолдошбаев Съездбекти эч себепсиз урган. Милициянын майору Мырзалиев Азамат тынчсызданууга чакырганда анын дагы погондорун жулуп таштаган. Алмазбек Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси болуп чыкты. Бул жерде эч саясий провокация жок.
Ал эми жабырлануучу, Ош шаардык ветеринардык кызматынын башчысы Кумарбек Исаков окуянын башкача өңүттө өнүккөнүн, Алмазбек Текебаевди кимдир бирөөлөр тукуруп, мас абалында бейбаштыкка түрткөндүгүн каң какшады:
- Өзүндө деле күнөө жок. Эгерде соо болсо мындай кылмак эмес. Себеби ошол кафеде дайыма тамактанат. Кафеде жүргөн балдар мас абалынан пайдаланып күүлөп койгон болуш керек. Биз ал мезгилде Текебаевдин иниси экенин билген эмеспиз.
Алмазбек Текебаевдин жактоочусу Мейликан Эмилбаева Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Абдуллабеков кылмыш иши менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгын, бул атайын заказ болушу ыктымалдыгын, жактоочунун негизги өтүнүчүнө карабастан, баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси да сот тарабынан эмнегедир создуктурулуп жатканын жар салды:
- Материал менен таанышайын десем, иш башталганда таанышасыз деп тааныштырбай койду. Бул жерде тергөөчү ишин жакшы билбейби, же башка заказ болгонбу билбейм. Мени адвокат катары материал менен тааныштырбаганына нааразы болдум.
Аталган окуянын тегерегинде депутат Өмүрбек Текебаевге суроо салганыбызда азырынча кырдаал менен тааныш эместигин билдирди:
- Кырдаалды билбейм. Баары такталгандан кийин маалыматты угасыздар.
Кечээ Жалалабаттагы көз карандысыз “Сентябрь” телесинин кызматкери Талант Сөлпиевди белгисиз адамдар уруп кеткендигин телекомпания директорунун орунбасары, Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаев кабарлады:
- Талантбек Сөлпиев даяр материалдарды Топуракбел ашуусундагы телевышкага алып барып кайра түшүп келаткан жеринен алдынан “Жигули” маркасындагы көк автомашина 5 км. артынан кууп барып, токтотуп аны ур-токмокко алышкан. Азыр жеке коопсуздугунан коркуп үйүндө дарыланып жатат.
Материал даярдалып калганда Ош шаардык сотунун судьясы Талант Юлдашев Алмазбек Текебаевдин жактоочусу Мейликан Эмилбаеванын өтүнүчүн карап, бирок четке кагып, айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртпөстөн абакта калтыргандыгы маалым болду.