Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

10:45 Ош базарында сатылган мал эти коркунучтуу


БИШКЕК. Депутат Өмүрбек Бабановдун суроолоруна жооп берип жатып Ветеринария департаментинин жетекчиси Талантбек Узакбаев Бишкек шаарындагы Ош базарына күнүгө 200дөй койдун, 30-40 бодо малдын эти келип түшөөрүн, ар бир баш малдын оорулуу эмес экендигин текшериш үчүн 30-40 минут убакыт кетээрин айтты. Анын пикиринде, малдын оорулуу же оорулуу эмес экендиги негизинен айылдагы малдоктурлар тарабынан текшерилип келээрин айтты. Ага Өмүрбек Бабанов 5-6 айылга бир мал доктур туура келээрин, сатармандардын малдоктурлардан алып келип жаткан справкасы жасалма экендигин айтты. Бул маселе боюнча пикирин билдирген Айыл, суу чарба министри Сооронбай Жээнбеков эт саткан базарларда коррупция чоң экендигин кошумчалады. Министрдин айтымында, ал азыр «крышасы чоңдорго» каршы күрөшүп жатат. (КО)

XS
SM
MD
LG