Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

АЗИЗА АБДРАСУЛОВА: АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АКСЫНЫН ӨЗҮНДӨ АЧЫК СОТ БОЛСУН


«Азаттыктын» маектеши «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова болду.

-Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн негизиндеги сот жараянын мурдагыдай эле Бишкекте эмес Аксынын борбору Кербенде өткөрүү демилгеси менен чыгып жатыпсыздар. Анын себебин негиздеп бере аласызбы?

-УПКнын 240-беренесине ылайык сот кароосу окуя болгон жерде өтүш керек. Ошондуктан биздин бул өтүнүчүбүз мыйзамдуу, мыйзамга такап гана талап кылып атабыз. Экинчиден, акысылык жабырлануучулар беш жылдан бери тынымсыз сотко Бишкекке каттап жүрүшөт. Ошондуктан бул адамдардын дагы укугу бар, жеринде бардык күбөлөр кенен-кесир суралышы керек. Жүздөгөн адамдарды убара кылып Бишкекке ташыбастан соттор ошол жакка барсын.

-Колдоо табылабы?

- Мыйзамга таянсак колдоо табылыш керек. Биз жөн эле ошону каалайбыз деген жокпуз, биз мыйзамга таянып туруп айтып атабыз. Бүгүнкү күнгө чейин беш жыл бою аксылыктардын укугу ушул жагынан да бузулуп келген. Биринчи сот Майлуусууда, андан кийин Ошто, калгандары Бишкекте өтүп келатат. Окуя болгон жерде сот кароосу боло элек. Бул жерде дагы баса белгилеп кетчү нерсе, сот кароосу Аксы районунун өзүндө ачык болуп, ага каалоочулардын баары катышуусун талап кылып атабыз. Күбөлөрдүн баары тегиз суралсын, бүгүнкү күнгө чейин андай кароо боло элек. Ушул жактарын карап атабыз. Албетте, барган соттордун, күбөлөрдүн, айыпталуучулардын коопсуздугун камсыз кылып берүү жагын биз укук коргоочулар, жергиликтүү аксылыктар мойнубузга алып атабыз, бул жагынан биз толук кепилдик беребиз.

- Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев кечээ уюштурган маалымат жыйынында Аксы окуясына азыркы президент, ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиевдин моралдык да, укуктук да жоопкерчилиги жок деп билдирбедиби. Сиздин оюңуз кандай?

- Мен укуктук жагына баа бере албайм, ага юристтер баа беришсин. Бирок моралдык жагында бардык эле ошол кездеги республикалык деңгээлдеги жетекчилердин катарында Курманбек Салиевичтин дагы эң чоң жоопкерчилиги бар. Ошол кезде экинчи орундагы адам болуп турган.

- Маек куруп бергениңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG