Парламенттин бул күнкү талкуусу жандуу болду. Мал оорулары боюнча абалды талкуулоо маалында Ветеринария департаментинин директору Талантбек Узакбаевдин ишине сын-пикирлер арбын айтылды. Бул тармак коррупцияга белчесинен батканын бир нече депутаттар белгилешти.
Атап айтканда, депутат Азимбек Бекназаров Талантбек Узакбаев негизи ишкер экенин, ал азыркы кызматын байуу максатында пайдаланып жатканын, ал эми Кытайдан оорулуу жылкылардын Кыргызстанга киргизилгенине Т.Узакбаевдин түздөн-түз тийешеси бар деп билдирди.
- Ветеринардык департаменттин жетекчиси Талант Узакбаев жөнүндө. Эмне бул киши такыр алмаштырылгыс кадрбы? Бул кызматтын тегерегинде канчалаган ызы-чуу болуп атат. Мен билгенден бу киши жетишкен коммерцант. Бул ветеринар эмес. Жанагы айтылып жаткан жылкыларда ушул кишинин колу бар, - - деп Айыл, суу чарба министрине суроо узатты депутат. Ага министр Сооронбай Жээнбеков эч нерсе деп жооп айта алган жок.
Парламентте айтылган маалыматтар боюнча, августтун башында Кытайдан ОсОО «Комеко-Гранд» деген фирма Кыргызстанга 159 жылкы алып кирген, анын ону оорудан өлгөн, дагы отузунан бруцеллоз (кептөөр) оорусу табылган, дагы жетөө ар кандай ооруларга чалдыкканы аныкталган. Кытайдан дагы бир миң жылкыны алып келүүнүн кажети бар беле, деген суроону депутат Темир Сариев кабыргасынан койду.
Жээнбеков Кытайдан алынып келинүүчү миң жылкы боюнча маалыматы жоктугун айтты.
Укук коргоо кызматтары Кытайдан алынып келинген жылкылардын ээси азырынча табылбай жатканын айтышса, сырттан алынып келип жаткан малдын этин жогорку бийликтеги адамдар көзөмөлдөп турарын кыйыткан депутаттар да болду.
Четтен ташылып келип жаткан мал турган Кыргызстандын ичиндеги мал дагы жакшы текшерилбейт. Мисалы, Бишкек жана Ош сыяктуу ири-ири шаарлардын базырларында сатылып жаткан малдын эти дегеле текшерилбей жатканын депутат Замирбек Эсенаманов менен депутат Өмүрбек Бабанов көтөрдү.
Атап айтканда, депутат Өмүрбек Бабановдун суроолоруна жооп берип жатып Ветеринария департаментинин жетекчиси Талантбек Узакбаев Бишкек шаарындагы Ош базарына күнүгө 200дөй койдун, 30-40 бодо малдын эти келип түшөөрүн, ар бир баш малдын оорулуу эмес экендигин текшериш үчүн 30-40 минут убакыт кетээрин айтты. Анын пикиринде, малдын оорулуу же оорулуу эмес экендиги негизинен айылдагы мал доктурлар тарабынан текшерилип келээрин айтты.
Ага Өмүрбек Бабанов жооп кылып, ар бир малдын этин 30 минуттан текшергенде эле базарда сатылып жаткан малдын этин текшериш үчүн бир күн убакыт кетмек эле, бирок алар дароо эле жасалма мөөр басылып сатыкка түшүп жатканын билдирди.
Бул маселе боюнча пикирин билдирген Айыл, суу чарба министри Сооронбай Жээнбеков эт саткан базарларда коррупция чоң экендигин кошумчалады. Министрдин айтымында, ал азыр «крышасы чоңдорго» каршы күрөшүп жатат.
Бирок депутат Камчыбек Жолдошбаев министр С.Жээнбековго Бишкектеги «Ош» базарындагы башкы ветеринарды кызматтан алып, кызматка коюуга алыңыз келеби деген суроо узатты. Министр ага жооп кылып, бул базардын башкы ветеринары жакында алмашканын билдирди. Бирок К.Жолдошбаев «Ош» базарынын башкы ветеринарынын тагдыры Акүйдүн 7-кабатында чечилээрин, бул кызмат эң «майлуу» орундардын бири экенин билдирди.
Министрдин маалыматы боюнча өлкө аймагында күйдүргүнүн очогу эле бир миңден ашат:
-Республика боюнча күйдүргүнүн очогу 1176. Алардын табылганы 569. Бир мисал мына ошол очоктордун тосулганы 351, бетондолгону 439, табыла элеги 607.
Жээнбеков шарп ылаңы 52 пайызга өскөнүн, малдын кара тумоосуна буга чейин мамлекеттен бир дагы каражат бөлүнбөгөнүн, бруцеллез жана башка ылаңдарга каршы күрөшүү үчүн келерки жылдын бюджетине 126 млн. бөлүү маселеси коюлганын белгиледи. Анын айтымында, быйыл беш миңден ашуун бодо мал бруцеллез, шарп жана башка ылаңдардан өлгөн.
Депутат Улугбек Ормонов болсо Өзгөндө күйдүргү оорусунун очоктору бетондолбогондуктан малдар ылаңдап, адамдарга жугуп, анын кесепетинен өлүмгө учураган фактылар бар экендигин айтты.
Бүгүнкү күндө Өзгөндө беш-алты киши оорукнада күйдүргүдөн даарылнып жатышат. Күйдүргүдөн эки киши өлдү деген да маалыматтар бар. Кутурма дартынан да Өзгөндө кырдаал жакшы эмес,-деди Улугбек Ормонов.
Ал эми депутат Замир Эсенаманов мал ылаңынын адамдарга жугуусу улуттун коопсуздугуна коркунуч туудурарын эскертти. Ал 2004-жылга салыштырмалуу эхникок оорусу менен 1219 киши ооруп операция болгонун, 2006-жылы бул дарт менен ооруган адамдардын саны төрт миңге жеткенин белгиледи. Анын айтымында, бруцеллез оорусу менен ооругандардын саны да эки эсеге көбөйгөн.
Бул маселе дүйшөмбүдө премьер-министр Алмаз Атамбаевдин катышуусунда өтүүчү парламенттин жыйынында да көтөрүлө турган болду.