Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

В.ПУТИН: АВСТРАЛИЯНЫН УРАНЫ ОРУСИЯНЫН КУРАЛЫ БОЛБОЙТ


Австралиядан Орусия табигый уран сатып алат жана аны жалаң ички керектөөгө - атомдук реакторлорго пайдаланат. Сиднейде жума күнү эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн жаңы келишимде ушундай шарттар каралган. Орусиялык айрым эксперттер келишмди сынга алышты.

Сиднейдеги маалымат жыйынында эки өлкөнүн лидерлери Австралиянын уранын орустар аскери максаттарга колдонуп же үчүнчү бир өлкөлөргө кайра экспорттоп жибериши ыктымал деген түкшөмөлдөрдү четке кагышты. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард Орусияга сатыла турган уран өзгөчө кепилдиктер менен жөнөтүлөрүн ырастады.

Президент Путин Австралиянын ураны аскери максаттарга колдонулушу мүмкүн деп ойлогондор эмне жөнүндө кеп болуп жатканын түшүнүшпөйт же эки тараптын кызматташтыгын бузугусу келип, муну атайылап айтып жатат деп билдирди. Путин Австралиянын уранын Орусия өңчөй экономикалык керектөөдөн улам, жайчылык максаттагы атом энергетикасын өнүктүрүү планына ылайык гана сатып аларын белгиледи.

Совет мезгилинде Орусияда отузга жакын атомдук станциялар курулган,алдыдагы 15-20 жылда орустар дагы ушунча сандагы станция курууну көздөп жатат. Путиндин айтымында, курал үчүн керектелчү уран Орусиянын өзүндө жетиштүү, атүгүл орустар Түндүк Америкага жыл сайын курал үчүн байытылган 500 тонна уран сатып турат.

Эксперттик эсептерде Орусияда чалгындалган урандын запасы 600 миң тоннага жетет деп айтылат. Ал эми Австралияда анын кору 990 миң тоннадан ашат дешет. Австралия ушу тапта дүйнөнүн отуз алты өлкөсүнө уран сатат, анын 40 проценти АКШга, 25 проценти Евросоюз өлкөлөрүнө туура келет. Дүйнөдөгү урандын 40 проценти Австралияда, ал эми аны кайра иштетүү технологиясынын 40 проценти Орусияда, деп айтты "Росатомдун" башчысы Сергей Кириенко.

Дүйнөлүк эксперттер совет мезгилинде түзүлгөн Орусиядагы уран байытуу технологиясын чынында эле эң арзан жана өтө натыйжалуу деп эсептешет.Мындан тышкары алар 2010-жылдан кийин дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө атомдук станциялар ишке бериле баштаганда урандын таңкыстыгы пайда болорун да эскертишүүдө.

Орусиялык абройлуу эксперттердин бири, илимдер академиясынын кеңешчиси Алексей Яблоков Сиднейде кол коюлган келишимди сынга алды. Бу болгону саясий декларация, анын илимий эч кандай жүйөөсү жок, деп айтты ал. Австралиядан алына турган уран Орусияга өз уранын Иранга жана башка өлкөлөргө көбүрөөк экспорттогонго мүмкүндүк берет.

Сиднейдеги келишимди Яблоков орус өкмөтүнүн жоопкерсиздигин билдирген кадам катары баалады. Өкмөт бир жагынан ядролук материалдардын таралышын кыскартууну жактап, ошол эле учурда алардын кеңири жайылышына мүмкүнчүлүк ачып жатат, дейт Яблоков.

XS
SM
MD
LG