Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ БИРИМДИК ЖАНА ТИЛЕКТЕШТИК ЖЕТИШПЕЙТ


Жазгүл Жамангулова Бүгүн «Журналистер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев маалымат жыйын өткөрүп, анда Кыргызстандагы бардык журналистерди тилектештикке чакырды.

8-сентябрь журналистердин эл аралык тилектештигинин күнү. Бул күн 1957- жылы Бухарестте өткөн эл аралык журналистер уюмдарынын 4-конгрессинде кабыл алынган. Бул күндүн негизги мааниси дүйнөдөгү журналистердин өз укугун коргой билүүсүнө тыгыз байланыштуу. Мына ушул күндү утурлай бүгүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси маалымат жыйын өткөрүп, анда бирикменин жетекчиси Марат Токоев төмөнкүлөргө басым таштады.

- Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы ММКнын өкүлдөрү арасындагы тилектештик жок. Маселен «Апрель окуясын» эле алалы, ошол учурда канчалаган журналистер, теле алыпбаруучуларды сабап кеткен учурлар болду. Аларды чынында эле ишине байланыштуу сабап кетиштиби, же башка себеби барбы, баары бир ал Кыргызстан журналисттери. Биз алардын маселесине реакция жасай алган жокпуз. Башка өлкөлөрдүн ММК өкүлдөрү менен биздикин салыштырууга такыр мүмкүн эмес. Азыр башка бир журналисттин башына келип жаткан кырдаал, эртең башка кесиптештердин башына келип калаары толук мүмкүн.

Марат Токоевдун пикиринде бүгүн өлкөдө журналисттердин ички мамилеси бир кожоюндун же бир топтун көз карашынын чегинде чечилип, ортодо оппозициячыл, өкмөтчүл сыяктуу бөлүнүүлөр, ажырымдар бар. Ал эми буга айрым кесиптештер кандай карашат.

Би-би-си радиосунун журналисти Султан Жумагулов:

- Азыр Кыргызстанда журналисттердин эч кандай тилектештиги жок. Маселен, биздин радионун бир журналисти туткунга тушуп калганда, бүт дүйнө жүзүндө жана башка агенттиктер кошулуп аны боштондукка чыгарабыз деп акция өткөрүштү. Ал эми Кыргызстанда канча журналистти сабап кетти, камады. Ага кесиптештер эч кандай реакция кыла алган жок. Болгону ошол окуяны чагылдырды, бирок адамдык же алардын укугун коргогон учурду кезиктирүүгө болбойт.

Ал эми “Де-Факто” гезитинин директору Женишбек Эдигеев журналисттердин тилектештигин коомдогу абал менен көбүрөөк байланыштырат:

- Бизде тилектештик жок дегенге болбойт. Бирок ошол эле учурда коомчулуктун ушундай бир башаламан, жик- жик болуп бөлүнүп турушу журналисттерге чоң таасирин берип жатат. Бири өкмөтчүл, бири оппозиция, бири тууганчыл болуп бөлүнүп атып, азыр журналисттер да ошол агым менен кетип баратат.

Бирок жогорудагы пикирлерге салыштырмалуу МТРКнын башкы директору Кыяз Молдокасымовдын оюнча, коомдогу айрым маселелер журналисттерге таасир бербейт.

- Кыргызстандагы журналистиканы биз башка окуялардан жогору карашыбыз керек. Акаевдин мезгилинде деле, азыр деле журналисттер бөлүнбөйт. Башкача айтканда сен оппозициячыл, же сен өкмөтчүл деп терс бурулуп кеткен учурду мен көрө элекмин. Мен журналисттердин ушундай тилектеш болушун кубаттайм.

«Журналисттер» коомдук бирикмеси эртеңки Журналисттердин эл аралык тилектештик күнүнө карата ММКнын бардык өкүлдөрүн биримдикке чакырган акциянын жыйынтыгын чыгарды. Ал учурда абакта олтурган журналист Жыпаркүл Арыкованы колдоо катары уюштурулган. Бирикменин жетекчиси М.Токоевдун айтымында бул акциянын негизинде чогулган акча Ж.Арыкованын ата -энесине берилет.
XS
SM
MD
LG