Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:44

«НЕЗАВИСИМАЯ ГАЗЕТА» КАЙРАДАН ДУРУС БАСЫЛМА БОЛУП КАЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда президенит Владимир Путиндин доору келгенден тартып массалуу маалымат каражаттары бийликтин айтканын айткандай аткарып, сокур ишеним менен иштенгенге өткөнү туурасында биздин кабарчы Роберт Карлсон жазат. Мамлекеттин көзүн караган ал басма сөздөрдү азыркы тушта Кремлдин контролдугу астындагы «Газпром» же ага окшогон компаниялар каржылай тургандыгын айтышат. Алар 2008-жылы мартта өткөнү аткан президентти шайлоо чукулдаган сайын Кремлдин айтканына алар абдан кылдат мамиле жасашууда. Бирок ошол катардан бөлүнүп, оппозицияга чукул көзкараштагы жолго түшкөн басылма - "Независимая газета" дешет.

"Независимая газета" орусиялык баш калаадан чыгуучу көп басылманын бири. Кайра куруу тушунда чыга баштаган ал басылманы 2001-жылдан кийин айтылуу олигарх Борис Березовский каржылай баштагандан тартып жана аны чыгаан калемгер Виталий Третьяков жетектегенден тартып, ал өлкөдөгү барктуу гезиттердин бири болуп чыга келген.

Ошол өзүн көзкарандысыз деп атаган гезит да Путин доорунда бараткан жолунан чыгып кеткен. Роберт Карлсон жазганга караганда жакындан тарта "Независимая газета" кайрадан кайраттуу басылма боло баштаган. Анын бир себебин ага баш кожоюн болуп, Константин Ремчуковдун келиши себепчи болду дешет.

Ошол себептен ал басылма кайра башында Путин турган өйдөкү бийликти сындоого батынып калганын айтышат. Кремль тышкы саясатында «энергия кубатын өндүрүүчү отуну менен баскынчылык жасоого барып атат» же «Александр Литвиненконун полоний - 210 менен ууланып өлүшүнө орусиялык атайын кызматтагылар күнөөлүү экенинде шек жок» - деген саптарды андан окуса болот.

Атуулдардын баш мыйзамдагы укугунун кепили болуп мамлекет, жер-жерлердеги өндүрүштүк жана социалдык көтөрөмдүктөн аларды арылтуу керек, аны «үстүдөн башкаруу» бар кезде «региондук жетекчилер турмушка ашыра алышпайт» - деп жазат, маселен, 6-сентябрде.

Кечээ жарык көргөн санында президент Кремлдик кожоюн бул жолку Индонезия менен Австралияга карап сапар алышында баарыдан мурда өлкөнүн ишкердик жана коргоо министрлигинин кызыкчылыгын коргоп баратат деп жазган.

Айткандай эле Индонезияда өткөн сый жолугушуудан кийин журналисттер алдында президент Путин курал маселесин алдыга чыгара сөз сүйлөдү:

- Биз курал катары эсептеген материалдардын көлөмү Орусияда абдан мол. Көп жылдан бери биз аларды сатып келатабыз.

Ошол эле басылма жазганга караганда, Индонезияга бул жолу Маскөө үч Су-130 жана үч Су-27 истребителин сатуу келишимине кол коюшкан. Анын артынан жыйырма флоттук БМП-3, үч Ми-17 тик учак жана суу асты менен сүзүүчү кемелерди сатуу кеби бышып жетилип калган делинет.

Гезит чукулку чет өлкөлөр турмушуна арналган да макалаларды көп басат. Маселен, 3-августта Виктория Панфилова жазган Кыргызстандагы жагдай туурасындагы маслетти өзүңүздөр окуп, анын калп же адилет экендигине баа берген чыгарсыздар.
XS
SM
MD
LG