МОДЕНА/ ИТАЛИЯ. Атактуу опералык ырчы Лучиано Паваротти менен бүгүн миңдеген адамдар кош айтышууда. Ал 71 жаш курагында уйку безинин рак оорусунан дүйнөдөн кайтты. Павароттинин тажыясына өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү, опера жана поп-музыка жылдыздары келишти. Ырчы өзүнүн туулуп-өскөн шаары Моденада коюулат. Паваротти өз муунунун залкар тенорлорунун бири болгон. 40 жылдан ашуун убакыт дүйнөнүн атактуу сахналарында ырдаган ырчы ыр өнөрүнүн бул түрүн жайылтууда чоң роль ойноду.