Бул өтө кычыктуу маселе боюнча Еврошракетте бир беткей пикир жок. Шаркеттин айрым мүчөлөрү, анын катарында Британия менен Германия, Улуттар уюмунун Косово боюнча ортомчусу Марти Ахтисааринин планын колдогонго жакын. Планга Косового Улуттар уюмунун көзөмөлү астында боло турган чектелүү эгемендик берүү сунуш кылат.
Косово Сербиянын этникалык албандар отурукташкан провинциясы. 1999-жылы серб аскерлери Белграддын саясатына нааразы болгон косоволук албандарга жапырт күч колдонгондо, НАТО аскерлери кийлигишип, серб аскерлерин региондон сүрүп чыгышкан. Ошондон бери Косово улуттар уюмунун башкаруусу алдында.
Косоволук албандар Марти Ахтисааринин планын четке кагып, өзүлөрүнө эч нерсе менен чектелбеген толук эгемендик берүүнү талап кылып жатышат. Косоволук албандардын жетекчилиги серб өкмөтү менен 10-декабрге дейре сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул болду, эгерде ага чейин эки жакты тең ынандырган орток пикир жетишилбесе, Косово эгемендигин жарыяламакчы.
Территориялык бүтүндүгун сактап калууну көздөп жаткан Сербия, албетте, иштин мындай нукка бурулушуна каршы. Ырасмий Белград Косовонун эгемендигин тааныбай турганын кайталоодо. Белградды Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Орусия да колдойт. Сербиянынын турумун Еврошракеттин айрым өлкөлкөрү да туура көрүшөт.
«Азаттык» жана Эркин Европа радиолорунун Балкан маселелери боюнча серепчиси Патрик Моордун көз карашында, Еврошаркеттин айрым мүчөлөрү Косовонун эгемендик алуусу айрым этникалык азчылыктар үчүн терс мисал болот, деп камтама болуп жатышат:
- Словакия менен Румыния Ахтисаари сунуш эткен план аларда жашаган мажар азчылыгы үчүн мисал болот, деп кооптонушат. Испания болсо каталониялык басктардын сепаратисттик маанайы күч алат, деп чочулайт. Бул жерде опузалоо фактору да бар экенин айта кетүү керек. Мисалы, Мажарстан румыниялык жана словакиялык мажарлардын абалына камтамачылыгын айтып келатат, Румыния болсо Сербия менен илгертен эле жакшы мамиледе. Анын үстүнө Сербия Греция жана Грек Кипр жумурияты менен жакшы санаалаш. Ошон үчүн Косово маселеси боюнча Еврошракетте мунасалуу пикирге келүү кыйын болот ,- дейт серепчи.
Белградды АКШынын Косово боюнча ээлеген позициясы айрыкча камтама кылууда. Бүгүн Сербиянын президенти Воицлав Коштуница Улуттар уюмуна кайрылып, "Косовонун эгемендигин ырасмий таанууну талап кылып жаткан АКШдан коргоп калууну" өтүндү. АКШ эгерде Косово эгемендигин жарыяласа, аны таанууга кесенүүдө, бул Вашингтондун мыйзамсыз аракети болот, деп билдирди Сербиянын президенти Коштуница.