Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН АБРОЮ ЭЛ АЛДЫНДА ТӨМӨН


Аманбек Жапаров,Бишкек Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет акыркы үч айда “Мекенге чыккынчылык кылгандыгы үчүн” деп беш кишини айыптады. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов өлкөдө өтө эле олуттуу мамлекеттик сыр деле жок болушу керек, бирок шектелип кармалгандар саясий же кызматтык маалыматты башка бирөөлөргө бериши мүмкүн, деп эсептейт. Ал эми «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Эдил Байсаловдун айтымында, «аталган кызмат өлкөнүн коопсуздугун коргоп атабыз»,- деп көз боемочулукка барып атат.

Улуттук коопсуздук кызматынын билдиргенине караганда аталган комитеттин учурдагы кызматкери Дмитрий Гриб жана Коргоо министрлигинде мурда кызмат өтөп жүрүп, эс алууга чыккан запастагы офицер Валерий Пацула үстүбүздөгү жылдын 23-августунда камакка алынышкан. Жакында Максат Мамырканов жана чекара кызматынын офицери Владимир Бережной да коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, аларга Кылмыш-Жаза кодексинин 292 жана 302-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Маалыматка караганда Пацула, Бережной, Мамырканов Коргоо министрлигинде Башкы чалгындоо башкармалыгында мурда чогуу иштешиптир. Текшерүү учурунда Владимир Бережнойдун үйүндөгү компьютерден кызматка байланыштуу жашыруун документтердин өчүрүлгөнү тууралуу маалымат да бар.

Коопсуздук кызматынын ички иштерин жакшы билген, атын атабоону өтүнгөн адам жогорудагы айыпталып жаткандар Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүнүн, аскерий техникалардын жайгаштырылышы, Коргоо министрлигинин алдыдагы планы, жоокерлердин саны, коргонуу багытындагы ички саясат тууралуу чет жактарга маалымат бериши мүмкүн. Жыпаргүл Арыковага байланыштуу болсо Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигинин бюджети тууралуу чыгарылган чечимдерди парламенттин архивинен алып бериши мүмкүн деген божомолун айтты.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде Кыргызстанда мамлекеттик өтө эле олуттуу жашыруун сыр деле жок болуш керек:

- Эң туура жол бул саясат жолу менен чечсе болмок. Биз негизи кичинекей мамлекетпиз. Бизге эч ким кол салайын деген деле оюу жок. Бул маалымат кандай мисалы, саясат жөнүндө, кызматташуу жөнүндө болуш керек, - -деди Мирослав Ниязов.

Ал эми «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Эдил Байсалов, Жыпаргүл Арыкованын тыңчы деп камалышында эч кандай негиз жок деп эсептейт:

- Эми жалпысынан айтканда, бул шпионаж кандайдыр бир коопсуздук кызматынын ушундай болгон кампаниясына айланып бара жатат да. Жыпаргүл Арыкованын мисалынан деле байкасак болот. Бул эч кандай негизи жок, жөнөкөй эле кызды кармап алып чоң иш алып бардык, мына чоң коопсуздукту коргоп жатабыз, сактап жатабыз деген көз боёмочулук болуп турат,- дейт Эдил Байсалов.

Байсалов кийинки камалгандар тууралуу так маалыматы жок экенин, бирок коопсуздук кызматынын аброю эл арасында өтө төмөндөп кетти деген көз карашын билдирди:

- Эми акыркы кармоолор боюнча бизде так маалыматыбыз жок. Бирок, жалпысынан айтканда, улуттук коопсуздук кызматынын элдин арасында, саясий чөйрөдө эч кандай аброю жок, төмөндөп кеткен. Мурун деле ошондой төмөн болчу. Акыркы жылдары андан да төмөндөп кетти. Ошондуктан мунусу бир көз боёмочулук пиар кампания сыяктуу көздөнөт.

Жогорудагы айыпталып жаткандар 292-беренеси (мамлекеттик чыккынчылык, чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга КРнын тышкы коопсуздугуна зыян келтирүүчү кастык иш жүргүзүүгө жардам көрсөткөндүгү үчүн,) боюнча берене менен он эки жылдан, жыйырма жылга чейин, 302-беренесинин 1-түйүнү (кызматтык сырды түзгөн экономикалык, илимий-техникалык же башка маалыматтарды чет мамлекетке, чет өлкөлүк уюмга бергендиги үчүн же берүү максатында чогулткандыгы үчүн), үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG