Багдадда башталган жыйын региондогу коопсуздук маселесине арналган. Жыйында качкындар, отун энергиясы, коопсуздук жана чек арадагы контролду күчөтүү проблемасы сыяктуу талуу маселелери талкууланат.
Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики конференцияны ачып жатып, өлкөдөгү абалды жакшыртуу үчүн анын өкмөт бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып жатканын жана бардык багыттарда оң жылыштар бар экенине токтолду:
- Биз коопсуздук, экономика жана тейлөөө жаатында ишенимдүү жана болочоктуу кадамдарды жасап жатабыз. Себеби, бул кадамдар биздин өлкөнү өнүктүрүүгө, анын табигый байлыктарын элдин мүмкүнчүлүгүнө жана кызыкчылыгына ылайык инвестициялоого, ошондой эле региондогу стабилдүүлүктү жана коопсуздукту колдоого негизделген.
Ал эми тышкы иштер министри Хошияр Зебари ирактыктар арасында ынтымак болбой жана коңшулар менен жакшы мамиле жок туруп, бекем коопсуздукка жетүү мүмкүн эмес экенине көңүл бурду:
-Ирак ич ара ынтымакка канчалык муктаж болсо, коңшулары жана дүйнө өлкөлөрү менен ошончолук деңгээлде жакшы мамилеге муктаж. Биздин диалогубуз жана элдешүү демилгебиз Ирактын мамлекет катары жоопкерчилигин күчөттү; биз дүйнө өлкөлөрүнө, өзгөчө Ирактын коңшуларына биринчи болуп кол берип, жакшы саамалыкты баштадык.
Хошиар Зебари Багдад жыйыны коңшулаш Иран жана Сирия менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн да кошумчалады.
Кошмо Штаттары Иранды шиит согушчандарын каржылап, машыктырып жана каруу жарак менен жабдып, Ирактагы кырдаалды курчутууда деп сындаса, Сирияны чет өлкөлүк согушчандардын Иракка өтүүсүн токтотподу деп күнөөлөнүп келет.
Азыр Иркта кырдаал татаал. Жекшемби күнү Ирактын түндүгүндө козголоңчулардын чабуулунан полициянын төрт кызматкери жана беш жоокер курман болду. Ушул эле күнү Багдадды Балад шаарчысы менен тутуштырган көпүрөдөгү аскерий бекетте жанкечтинин бомба чабуулунан дагы төрт жоокер дин каны төгүлүп, 12 аскер жараат алды.
Бул күнү АКШ аскерлери “ал- Каида” менен байланыштагы жана 14- августа Ирактын түндүгүндө болгон жардыруулар үчүн жооптуу деп шектелген чоң террорчу- Абу Мохаммад ал- Асри жок кылынганын билдирди. 14- августагы жардыруулардан 400 ашуун адам набыт болгон.