Орусиялык блогерчилер дегинкиси «Тирүү журнал» («Живой журнал») жана «Интернеттик турмуш» («Live Internet») түйүндөрү аркылуу баарлашуу жүргүзүшөт. Блогерчилер сүйлөшкөн кепте ким кантип аш бышыраттан тартып өлкөдөгү саясий жагдайга дейре талкуу болот.
«Азаттыктын» кабарчысы Хлоя Арнолд жазганга караганда кеткен аптанын этегинде Маскөөдө «жөргөмүш киши» атанган франсуз жигит Ален Робердин аркансыз жипсиз борбордогу бийик үйлөрдүн бири "Федерация" имаратына кантип чыккандыгы туурасында «Интернет жашоодогу» кеңири кепти мисал келтирет.
Кийинки учурда Орусияда блогерчилердин көбөйүп баратышы бекеринен эмес экенин саясий талдоочу Никита Соколов айтат.
«Кремлдик элине сыр алдырбай бийлик жүргүзүү ыкмасы, куду советтик кездегидей, атуулдарды адилет маалыматтан каңтарып койду. Азыр алар үчүн жангыз гана интернет калды», - дейт.
«Башкарылма демократия» эки чылбыр бир тизгини колунда турган азыркы орусиялык бийликтин оозу менен айтканы чын-чынына келгенде калп болуп атканын «Тирүү журнал» сайттын алдыңкы он блогерчилеринин бири Самсон Шоладеми айтат:
«Мен Эстониянын орус тилдүү тургундарына Орусиядан силерге кандай жардам керек деген суроо менен кайрылдым. Алардын жообундагы негизги шаани – «Жигиттер! Биздин ишке силер кийлигишпегилечи. Өзүбүз бир амал-айласын табабыз болду».
Мамлекетик маалымат каражаттары ички жана тышкы саясий турмушту бир жактуу чагылдырышы жана оппозицияга кеп бербөө демократиялык баалуулуктун тепсөөрүндө калышына алып келди дешет.
Эки айга чукул убакыттан соң ылдыйкы палатага депутаттарды тандоо, андан дагы үч ай өткөндө президентти шайлоо – азыркы тушта мамалекет башчысы үчүн чоң сыноо дешет. Анын максаты шайлоодо «Бирдиктүү Орусияга» мөөрөйдү алып берүү, эмне дегенде кийин ал партияга таянып өзү мурдагы саясатын улоо дешет.
Орусияда анализчилер болжолунда азыркы тушта интернет аркылуу үзбөй байланышка чыгып турган 1 миллион 1 жүз миңдей блогерчилер бар. Алардан сырткары 67 миң 500 Интернеттеги кепке кез-кези аралаша коюп туруучу даректер бар. Азыр алардын саны күн санап атртып атканын айтышат. Маселен, өткөн шаршемби күнү «Тирүү журнал» сайтына жаңыдан бир эле күндүн ичинде 500 миң блогерчи каттоодон өтүшкөн.