Ысыккөл кинофестивалынын баш байгеси ыйгарылган жок.Калыстар тобунун айтымында, Ысыккөл кинофестивалынын баш байгеси фестивалдын деңгээлин көтөрүү үчүн эч бир кинофильмге берилген жок. «Биздин жан дүйнөбүздү дүркүрөткүдөй чыгарма көрө алган жокпуз»,- деп билдирди өзбекстандык таанымал режиссер Шухрат Аббасов. Кинофестивалдын экинчи сыйлыгы «Күмүш түндүктү» документалдуу фильмдердин ичинен “Өткөөл” (Азербайжан), кыска метраждуу фильмдерден - “Рабия” (Өзбекстан) жана толук метраждуу “Боз салкын” (Эрнест Абдыжапаров, Кыргызстан) фильмдери жеңип алды. Шанхай уюмундагы өлкөлөрдүн быйыл биринчи жолу өткөрүлгөн Ысыккөл кинофестивалында 12 өлкөнүн тандалып алынган алтымыштан ашык кинотасмалары көрсөтүлдү. (KCh)