1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн кыргызы Бедел ашуусун ашып, Кытай мамлекетине келишкен. 11-сентябрда алар мындагы черик уруусунун айлына орношушкан.
1916-жылкы көтөрүлүштүн жабыр тарткан орус кыштактарына жана жер которгон адамдарга империялык бийлик тарабынан жардам көрсөтүлө баштаган. Айрым адамдардын тартылган зыян көлөмүн көбөйтүп жазышы, 1916-жылдын 11-сентябрында Түркстан генерал-губернатордугунда атайын иликтөө комиссиясынын түзүшүнө түрткү болгон.
Республиканын борбордук гезиттери 1928-жылдын 11-сентябрында Кыргызстнадын түштүгүндө май чыга турган өсүмдүк табылгандыгын жазып чыгышты. Жергиликтүү калк өсүмдүктү «максар» дешип, Бөксө Исфана волостунун эли анын данегинен пахта жана күнкарама майынан сапаты кыйла артык тамакка жарамдуу май алган.
Айтылуу кыргыз жазуучулары Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликов даярдаган «Манас» эпосунун жаңы либреттосун Кыргыз өкмөтү тарабынан уюшулган атайын комиссия 1943-жылдын бу күнү бекиткен. «Манас» эпосунун либреттосуна, дастандын борбордук сюжети эсептелген Көкөтөйдүн Каркырадагы ашы негиз болгон. Андыктан либреттонун мазмунун терең үйрөнүү максатында Малдыбаев, Фере баштаган композиторлор Каркыра жайлоосуна аттанышкан.
Айтылуу кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океев 1935-жылдын 11-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Төлөмүш Океев Тоң районундагы Бөкөнбаев айлында төрөлүп, 1958-жылы Ленинград искусство жана маданият институтунун үноператор бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. 1963-жылдан баштап «Аптап», «Биздин балалыктын асманы», «Кара мүртөз», «Кызыл алма», «Улан», «Ак барстын тукуму», «Махабат закымы» сыяктуу көөнөргүс кинотасмаларды тарткан. Анын советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал СССР эл артисти, 1972-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган.
Төлөмүш Океевдин чыгармачыл ийгилиги 6 эларалык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген.
Бу күнү, 1773-жылы Бенджамин Франклин «Эч качан жакшы согуш же жаман тынчтык болгон эмес», - деген учкул сөзүн жазып, 1790-жылы Суворов Измаил чебин алып, 1918-жылы Совет өлкөсүндө метрикалык чен-өлчөм киргизилип, 1973-жылы Чилиде генерал Пиночет баштаган аскерлердин төңкөрүшү жасалып, 2001-жылы Нью-Йорктогу эларалык соода борбору жайгашкан кош небоскребдорду самолеттор жарып, 1816-жылы немец оптик-механиги Карл Фридрих Цейсс, 1845-жылы француз инженери, анын ысмы менен маалымат берүү ылдамдык өлчөмү аталган Жан Морис Эмиль Бодо, 1862-жылы америкалык жазуучу О. Генри, 1894-жылы советтик кинорежиссер Александр Довженко, 1900-жылы советтик авиаконструктор Семен Лавочкин, 1937-жылы советтик ырчы Иосиф Кобзон жарык дүйнөгө келген.