Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:51

ПАКИСТАНДЫН МУРДАГЫ ПРЕМЬЕРИ МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛЕ АЛГАН ЖОК


Нарын АЙЫП, Прага Үстүбүздөгү жылы Пакистанда жалпы элдик шайлоо өткөрүлөөрдүн алдында өлкөдөгү саясий кырдаал курчуп баратат. Оппозициялык партиялардын бирин жетектеген, бирок жети жылдан бери сүргүндө жашаган мурдагы премьер-министр Наваз Шариф дүйшөмбү күнү Пакистанга кайтып келгенде, бийлик аны күч менен Сауд Арабияга жөнөтүп жиберди.

Наваз Шариф буга чейин Пакистандын премьер-министри болуп эки жолу - 1990- жана 1998-жылы шайланган. Ошол эле 1998-жылы Шариф азыркы президент Первез Мушаррафты өлкө армиясынын аскерий ордосунун башчысы кылып дайындаган, бирок 1999-жылдын октябрында аны кызматтан алган, анткени Мушарраф аскерий төңкөрүш даярдап жатат деген кабар алган.

Андай буйрукту Мушарраф - Шри-Ланкадан кайтып келатканда учактын ичинен уккан жана ошол учактын ичинен телефон аркылуу өз тарапкерлерин премьерге каршы тургузган. Мушарраф тарапка аскер дагы өтүп кеткендиктен, алар Шарифты камакка алган. Бийликке келген Мушарраф 2001-жылдын июнунда президент да болгон. Мурдагы премьер Шариф болсо коррупциядан күнөөлөнүп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилген, бирок бир жыл абакта отургандан кийин анын өкүмү өзгөртүлүп, Шариф өлкөдөн 10 жылдык мөөнөткө сүргүнгө айдалган жана 2000-жылдын декабрында үй-бүлө мүчөлөрү менен Сауд Арабияга көчүп кеткен.

Эл аралык коомчулуктун басымы алдында президент Мушарраф азыр Пакистанда жалпы элдик шайлоо өткөрүүгө даярданууда жана ал шайлоого мурдагы премьерлер Беназир Бхутто жана Наваз Шариф дагы өз партиялары менен катышууну каалайт.

Бхутто менен Мушарраф өткөн июлда Абу-Даби шаарында жолугуп, Наваз Шарифке каршы биргелешип аракеттенүү жөнүндө макулдашкан деген кабарлар да бар. Шарифтин "Мусулман лигасы" деп аталган партия болсо бийликке каршы катуу чыгууда жана шайлоо аркылуу Мушаррафты бийликтен четтетүүгө бел байлаган.

Пакистанга учуп чыгаар алдында Шариф Лондон шаарынын аэропортунда журналисттер менен жолугуп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланыш керек деп билдирди: "Башка мындай мүмкүнчүлүк болбойт, мындай ыңгайлуу абал чанда түзүлөт. Бул мүмкүнчүлүктөн бүткүл өлкө пайдаланууга тийиш жана Пакистандын 160 миллион калкы өз укуктарын кайра кайтарып алыш керек. Башка максат менде жок, менин көздөгөнүм ушул. Абалды мен ушинтип түшүнөм жана менин максатым ушул", - деди Наваз Шариф Лондондо жекшемби күнү кечинде.

Мурдагы премьерди тосуу үчүн Исламабад шаарынын аэропортуна көптөгөн адам чогулууга аракеттенген, бирок бийлик жолдун баарын тосуп, эки миңге жакын адамды кармады. Лондондон келген учак конгондон кийин болсо, Шариф кармалып, бийликтин буйругу менен Сауд Арабияга жөнөтүлдү.

Наваз Шариф менен кошо анын бир тууганы Шахбаз Шариф дагы келген, ал мурда Пакистандын Пенжаб провинциясынын министри болуп иштеген, бирок өткөн жума күнү Лахор шаарынын соту Шахбаз Шарифти камакка алууга ордер жазып чыгарды. Шахбаз - 1998-жылы Пенжабда диний уюмдун беш мүчөсү өлтүрүлгөнүнө тийешеси бар деп күнөөлөнүүдө.

Кайтып келээри менен мурдагы премьер Наваз Шариф дал ошол Лахор шаарына барууну көздөгөн. Пакистан бийлигинин айтымында, өлкөгө кайтып келүүгө Шарифтин укугу жок деп ал алдын ала эскертилген.

XS
SM
MD
LG