Терроризм боюнча дүйнөлүк абройлуу эксперттердин бири, Швециядагы Улуттук коргоо коллежиндеги изилдөө борборунун директору Магнус Рансторп өткөн алты жыл ичинде “Ал-Каидага” өзөртө сокку урулганы анык дейт. Уюмдун бир нече лидерлери камалды, айрымдары жок кылынды, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Натыйжада “Ал-Каида” стратегиялык операцияларга жарабай калды.
Ошол эле учурда Рансторп алты жыл ичинде “Ал-Каиданын” тарапкерлери көбөйгөнүн да ырастады. Былтыр эле дүйнөдө 14 миңден ашуун террордук ар кандай кыянаттар жасалды, алардын айынан 20 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Алардын көпчүлүгү Ооганстан менен Иракта болду. Региондун өзүндө, Жакынкы Чыгышта кырдаал барган сайын татаалдап, кыйын тартып баратат. Айрыкча Ирак “ал-каидачыларды” магниттен бетер өзүнө тартып жатат. Башка да топтор пайда болду,мисалы, “Ал-Каиданын” Түндүк Африкадагы тобу - "Фатах ал-исламдын” жанкечтилери Ливанда - элүү, Алжирде - үч жүздөй адамдын өмүрүн алышты.
Рансторп террорчулар үчүн Европа да акыркы кездери негизги бута боло баштаганын белгилеп, Мадриддеги, Лондондогу балааматтарды, жакында болсо Дания менен Германия чоң кыянаттардан кудай сактап аман калышканын атап өттү. Британияда эмнелер болуп жатканын карап көргүлөчү, дейт швед эксперти. Бул жерде ар алты апта сайын террорчулардын бир аракети ойрондолуп жатат. Былтыр эле Европада террорчулардын ири планы таш капты, алар жети самолетту дүрмөткө шыкап, мерчемдүү шаарларда жардырмак болушкан.
Ирактагы аскери операциялар мусулмандардын нааразылыгын пайда кылып, “ал-каидачыларга” жан тарткандарды көбөйтүп жатканын Рансторп да танбайт. Эгер бир гана аскери күчкө таянганда, мунун өзү узак мөөнөткө жараган тактика боло албайт, дейт ал.
Анда “ал-каидачыларга” каршы кантип натыйжалуу
күрөшсө болот? Рансторп мунун сыйкырдуу ыкмасы жок дейт. Терроризмге каршы күрөштө өкмөттөрдүн жана армиялардын эле эмес,ошондой эле жарандык коомдордун, сот бийликтеринин,полициялардын эл аралык тыгыз кызматташтыгы керек. 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяны Рансторп ушундай кызматташтыктын жетишсиздигинен болду деп эсептейт.