Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Ө.ТЕКЕБАЕВ: «АЙРЫМДАР МЕНИ САЯСАТЧЫ КАТАРЫ АКСАТКЫЛАРЫ КЕЛЕТ»


Шайырбек Мукарамов, Бишкек «Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Алмазбек Текебаев тентектик кылган деген айып менен бир жумадан бери Ош шаардык милициясынын тергөө абагында кармалууда. Өмүрбек Текебаев кечээ бул окуя боюнча айрым маалымат каражаттарына билдирүү жасап, иниси эгер чын эле күнөөлүү болсо жазасын алууга тийиштигин, бирок айрым оппоненттери бул окуяны күчөтүп, саясатчы Текебаевди аксатсак деген аракети бар экенин белгиледи.

Оштогу Навои атындагы эс алуу багынын башчысынын орун басары Алмазбек Текебаев 4-сентябрда милиция тарабынан камакка алынып, кылмыш-жаза кодексиндеги 234- бейбаштык беренеси боюнча айып тагылган. Шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта Алмазбек Текебаев шаардык ветеринардык кызмат менен ЭлТР коомдук телевидениесинин биргелешкен текшерүүсүнө тоскоолдук кылып, бир кафени текшерүү учурунда аталган кызматтын башчысы менен операторду себепсиз урганы, тынчтанууга чакырган милиция өкүлүнүн погонун жулуп таштаганы айтылат.

Алмазбек Текебаев камакка алынган соң, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттын өтүнүчүн шаардык сот канааттандырган жок. Бул окуя боюнча бир жумадан бери унчукпай келген депутат Өмүрбек Текебаев бул иш тууралуу кечээ айрым маалымат каражаттарына, анын ичинде «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Ош шаардык сотунун чечимин мен туура эмес деп эсептейм. Анткени өткөндө милиционерлерди сабап, колу-бутун сындырып, ооруканага түшүргөн адамдарга мындай чара колдонулган эмес. Адам өлтүрдү, чоң кылмыш жасады дегендерди да сот жөн эле коюп жиберип жатат. Мыйзам алдында баары бирдей болуш керек. Эгер менин иним мыйзам бузган болсо тиешелүү жазасын алыш керек. Кээ бир оппоненттер ушуну күчөтүп, саясатчы Текебаевди аксатсак деген аракети бар. Бирок мен иниме байланыштуу бир да депутатка, бир да милиция же прокуратура жетекчилерине карап кой деп кайрылганым жок.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле бул кырдаал ага оппоненттеринин алдында моралдык артыкчылык берээрин, муну менен азыр жана кийин да анын эле иниси эмес башкалардын да инилери жасаган кылмышы үчүн жооп бериши жана алар да башкалардай эле мыйзам алдында бирдей болушу керек деген ойду айтып жатканын кошумчалады.

Бейбаштык беренеси боюнча айыпталып камакка алынган Алмаз Текебаевге кийинчерээк 341-берене боюнча кызматтык милдетин аткарып жүргөн кишилерге кол көтөргөн деген дагы бир айып тагылды. Анын адвокаты Мейилкан Эмилбаева болсо Алмазбек Текебаев ошол кармаган учурда милиция тарабынан катуу запкы көргөнүн, бирок ага байланыштуу соттук –медициналык экспертиза ушу күнгө чейин боло электигин айтат:

- Менимче, экспертиза Алмазбек Текебаевдин денесиндеги жаракат эртерээк тарап кетсе деген ойдо созулууда. Анан эксперт барып эч кандай жаракат жок деген тыянак бериш керек. Булар ага милиция тарабынан кол тийген эмес, зордук-зомбулук болгон эмес деген өздөрүнүн версиясын туурлоо үчүн экспертизаны созуп атат деп ойлойм.

Ошол эле учурда ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө боюнча орун басары Кемербек Бердибаев Алмазбек Текебаевди милиция урган деген маалыматты буга чейин бизге четке каккан эле.

Алмазбек Текебаевге жолугуп чыккан адам укуктары боюнча президент карамагындагы комиссиянын Оштогу өкүлү Садыкжан Махмудов да ал милициядан жапа чеккенин айтып жатканын белгилейт:

- Эми азыр бул окуя боюнча эки түрдүү версия бар. Милиция башканы айтса, Алмазбек болос милицияга барганда урду деп айтып атат. Ушуну соттук-медициналык экспертиза аркылуу тактаганга азыр ылаажы болбой атат.

Ошентип милиция тарабынан жапа чекти делген Алмазбек Текебаевге байланыштуу соттук-медициналык экспертиза качан болоору дале белгисиз.

XS
SM
MD
LG