Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

КОРДЕСМАН: ИРАКТАГЫ СОГУШТУН БААСЫН ЭЛ БЕРЕТ


Энтони Кордесман - Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун саясий аналитиги. Соңку жылдары ал Буштун Ирак саясатындагы кемчиликтерди ачык сындап келген, бирок мындан бир ай мурдараак Иракка барып кырдаалды өз көзү менен көрүп келген соң АКШ Конгрессин Ирак маселесине сабырдуу мамиле кылууга үндөдү. “Азаттык” радиосу Конгрессте АКШнын Ирактагы эки өкүлү - элчи Райан Крокер менен генерал Дэвид Петрэустун отчету угулаар алдында Вашингтондук аналитикке айрым суроолор менен кайрылган эле.

- АКШнын Ирактагы аскербашчысы, генерал Петрэус Ирактагы аскерлерди келээрки жаздан тарта акырындап чыгара баштабаса, ал жердеги куралдуу күчтөр арасында чыңалуу күч алат деген сунушун айтты. Ирактагы АКШ аскерлеринин санын эске алганда, аларды алып кетүү маселеси техникалык кыйынчылыктарга туш болбойбу?

- Аскерлерди кайра АКШга кайтаруу ишинде алардын кийинки кызмат мансабы, тийиштүү жумуш, жашоо шарттары менен камсыздоо өңдүү маселелер пайда болот. Ушуларды эске алганда, айына ашып кетсе 10 миңдей аскерди кайтаруу мүмкүн. Дагы бир маселе – биз Иракта жеңгенибизге гана курсант болбой, бардык ирактыктар туруктуу саясий жана экономикалык шарттарда жашоо турмушун оңдой ала турган абалды орнотуу милдетин алганбыз.

- Акыркы сурамжылоолор көргөзгөндөй, Америка элинин басымдуу бөлүгү Ирактагы согушту колдобойт. Эгерде генерал Петрэустун эмки жазда Ирактагы аскерлердин санын азайтуу сунушу өтүп калса, Буштун саясатына болгон мамилеге оң таасирин тийгизе алат беле?


- Биз азыр канча аскер чыгарылат дегенден да качан чыгарылат деген суроого такалып турабыз. Ирактагы жаатташкан топтор ортосунда келээрки жазга дейре ынтымак орнобосо, өкмөт кырдаалды кантип көзөмөлдөйт? Эгерде ага чейин Ирактагы тайпалар арасында саясий мунаса табылып калса, жок дегенде андай жараян башталса, АКШ аскерлерине жүктөлгөн милдет жеңилдемек. Азырынча келерки жазга дейре эмне болорун айтуу кыйын.

- Америкалыктар Ирактагы согушка баа бергенде, эң башкысы кайсыл факторлорду эске алышы керек деп ойлойсуз?

- Кошмо Штаттардын саясатында азыр Ирактагы аскерлердин саны башкы ролду ойногон жок. Албетте, анын мааниси жок эмес. Эгерде биз Ирактагы 130 миң аскердин 30 миңин чыгарып кетип, 100 миңин калтырсак, ал жердеги уруштар азайып, өлгөн адамдардын саны кыскарса жыйынтык болду деп айтаар элек. Америка эли согуштун натыйжасы катары Ирактагы саясий өнүгүү, өкмөт менен улуттук армиянын ролун бекемдөө, Иран өңдүү коңшулардын таасирин чектөө, тайпалар аралык кандуу эрегишти токтотуп, бейпилдик орнотуу өңдүү маселелерди эске алышат. Америкалыктар гана эмес, Ирактын эли да согушка баа бергенде бир, же эки факторго гана таянбастан, ар тараптуу кесепеттери менен натыйжаларын эсепке алаары шексиз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG