Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

ЭЛМУРЗА САТЫБАЛДИЕВ: АКСЫ КАРГАШАСЫ БЕКНАЗАРОВДУ КАМООДОН БАШТАЛГАН


Кыргызстандагы маанилүү окуялар деп эсептелген Аксы каргашасы, “Матрешка” чатагы, 19-апрелдеги массалык тополоң боюнча козголгон кылмыш иштери эмне болду? Мындан сырткары Кыргызстандын түштүк аймагында күйдүргү же Сибирь жарасы жана ВИЧ илдетинин көбөйүшүнө себепкер болгон кызматкерлер жоопко тартылдыбы, өлүм жазасына кеткендердин мындан аркы тагдыры эмне болот? Мына ушундай жана башка суроолор менен кабарчыбыз Жаркын Суран кызы башкы прокурорго кайрылып жооп алган.

- Кыргызстандагы маанилүү окуялар деп эсептелген Аксы каргашасы, “Матрешка” чатагы, 19-апрелдеги массалык тополоң боюнча козголгон кылмыш иштери Башкы прокуратуранын көз жаздымында калбайт. Мындан сырткары Кыргызстандын түштүк аймагында күйдүргү же Сибирь жарасы жана ВИЧ илдетинин көбөйүшүнө себепкер болгон кызматкерлер жоопко тартылат. Өлүм жазасына кеткендердин арыз-мүңун кайрадан карап баштайбыз.

- Элмурза мырза. Аксы окуясы жаңы бийликтин тушунда эмнеге жыйынтыкталбай жатат деген сөздөр коомчулук арасында байма-бай айтыла баштады. Аксы окуясы эмне себептен аягына чыкпай жатат? Күнөөлүүлөр эл алдында эмнеге ачык жазаланбай жатат?

- Аксы окуясы боюнча кылмыш иштери эмнеге бүтпөй жатат дегенге мен толук кошулбайм. Мени баш прокурор кылып дайындап жатканда, алдыма бир талапты койгон: Аксы окуясын аягына чейин жеткирип, сот органына өткөрүп берүү. Үч кылмыш иши козголсо, бирөөсү 17-марттагы октон учкан жарандардын өлүмүнө күнөөлүү болгондордун кылмыш иши бүтүп, Бишкектеги Аскер сотунда жатат. Ошол мезгилдеги бийликте турган төрт адамды жоопко тартуудабыз. Администрация жетекчиси Карыпкуловдун, ички иштер министринин биринчи орун басары С. Дубанаевдин, Жалалабаддагы облустук прокурору Кудайбергеновдун, ички иштер башкармалыгынын начальниги Токобаевдин үстүнөн кылмыш иш козголгон. Азыркы депутат С. Урманаевдин үстүнөн кылмыш иш козгоо боюнча Жогорку кеңешке сунуш бергенбиз. “Кол тийбестигин алып, жоопкерчиликке тартуу боюнча уруксат бергиле” деп Дооронбек Садырбаев жетектеп жүргөн комиссия азыр ишин бүтүрдү, анын жыйынтыгын алар 14-сентябрда айтышат.

-Мына сиз мурдагы президент Аскар Акаев баш болгон бир топ чиновниктердин атын атадыңыз “Аксы окуясы боюнча күнөөлүү” деп. Ал эми ошол эле мезгилде азыркы президент Курманбек Бакиев өкмөт башчы болчу?

- Аксы окуясы 17-18-март деп белгилеп айтуу туура эмес. Бул Аксы окуясынын келип чыгуу себеби жыл башынан бери келаткан Кыргызстанда болгон окуялар, депутат Азимбек Бекназаровдун Үзөңгүкууш боюнча маселени козгоп, андан соң камакка алынышынан келип чыкты. Прокуратура органдары азыркы күндө башкы күнөөнү Карыпкуловго коюп жатканыбыздын себеби - прокуратура органдары өкмөттүн карамагында эмес, түздөн-түз президентке баш ийет. Демек, президент түзмө-түз буйрук бербеген учурда ал маалдагы аппарат жетекчиси бул ишти толук, өзү билип, өзү көзөмөлдөп турган. Азыркы президентибиз Курманбек Бакиев жөнүндө айтып кеттиңиз, эмне тиешеси жок деп. Мен чоң жоопкерчилик менен башкы прокурор катары айтар элем, ошол маалда Кыргызстанда он беш жыл бир президент иштесе, он беш жылда он эки премьер иштеди. Муну айтып жатканым себеби, эми премьер- министрдин укугун угуучулар түшүнүп коюш үчүн айтып жатам.

Учурдан пайдаланып айтып кетет элем, ошол учурда премьер министрдин, азыркы президент Курманбек Бакиевдин күнөөсүн издегендерге да айтарым, Аксы окуясы Бекназаровду камагандан башталган. Аны прокуратура органдары камап жатат. Ага премьер-министр кийлигише албайт. Эмне дегенде прокуратура органдары президентке баш ийет, өкмөттүн курамына кирбейт. Демек Аскар Акаевдин моралдык күнөөсү бар. Юридикалык күнөөсүн азыр айта албайм. Сот болгондо Карыпкулов айтса ошондон улам тергейбиз. Мен прокурор жана инсан катары айтып коеюн, президент администрациясынын жүргүзгөн иши туура эмес деп, макул болбой ошол окуядан кийин Курманбек Бакиев отставкага кетпедиби. Аксы окуясына баа бералбады же бералбайт деген бул туура эмес. Биз буга юридикалык баа беришибиз керек милдеттүү түрдө. Бизге чейин эмне мынчалык создуктурулуп келген, 24-марттан кийинки прокурорлор эмнеге аягына чыкпай койду? Мен аны айталбайм. Тагдыр башканы айтат. 2005-жылы 24-мартта моралдык күнөөсү бар президентибиз, элин таштап кетип калбадыбы. Бул дагы болсо өзүнчө бир баа берүү болсо керек. Элдин, учурдун таразасыдыр. Элде көп ой-пикирлер айтылып жүрөт. Революциядан кийин эки жыл жашадык. Президент Кыргызстанды таштап кетип калганда, “бир добуштан Аскар Акаев күнөөлүү, элин таштап кетти, элин сатып кетти, элин оор абалга калтырып кетти” деп күнөөлөп жүрүп, жарым жыл, бир жыл өтпөй тескерисинче айта башташты: “эч кандай күнөөсү жок эле” деп. Мен ойлойм, биздин өзүбуздүн кыргыз элинин менталитети болсо керек дейм. Одонороок айтсам, кечирим сурайм. Анткени эл тараза, тарых өзүнүн точкасын коет дечи. Биздин атка минерлерибиз чон-чоң эле трибунадан айтып жатпайбы: “күнөөсү жок эле, баардыгы жакшы эле. Азыр жаман болуп кетти” деп. Мен башкы прокурор катары эмес, инсан катары айтып отурам.

-Элмурза мырза! Бир топ адамдарга Аксы боюнча кылмыш иши козголду деп айтпадыңызбы. Маселен Карыпкуловдун үстүнөн кылмыш козголду деп. Акматалиев, Садиевдерге да кылмыш иши козголобу?

-Биз окуяга юридикалык баа берип жатабыз. Анын ичинде ар бир жетекчинин милдетине карай кылмышка тартып жатабыз. Албетте, Акматалиевге, Садиевге бардыгына кылмыш иши козголуп, 2002-жылдан бери тергелүүдө. Биз ал фамилияларга 18-марттагы кылмыш иши боюнча баа беребиз. Аксылык жабырлануучулар менен көп жолу кезиктим. Ошол жерде убадамды бергенмин.

Садиев, Акматалиевдерге иш козголгон. Мындай айтканда кырдаалды калыбына келтирүү, генерал-майор Садиевге жүктөлгөн. Садиев 18-марттан баштап бүт кырдаалды жөнгө салыш керек эле. Акматалиев болсо ошондо ички иштер министри болуп турган. Анын жоопкерчилигин талдаш керек. Ошентип бардыгына юридикалык баа берип, аягына чыкканга аракет кылабыз.

- Прокурор мырза! Бекназаров прокурор болуп турганда Акаевдин үй-бүлөлүк мүлкү мамлекеттин мүлкү делип, аны кайтарып алуу боюнча элге жарыя жасады эле. Анда тергөө иштери башталды деген. Ал эмне болду? Негедир тынчып кеткенсиди?

-24-марттан кийин үй-бүлөгө тиешелүү деген мүлктөр боюнча 106 кылмыш иш козголуптур. Чындыгында 5 миллион эл бул мүлктү Акаевге таандык же Айдарга таандык, күйөө баласына таандык деп билгени менен ал маалдагы алардын юристтери кыйын болгон окшойт, таандыгын тактай албаган абалда жасаган. Алардын наамына жазылган бир дагы мүлк жок. Ырас, алардын атына жазылбаган соң , күнөөгө жыгуу демократияга жатпайт. Муну менен мен жоопкерчиликтен качканым жок. Сотко өтүп жаткандары бар. Азыркы күндө сотко даярдалып жаткандары бар. Мен айтып жатпайымбы андагы юристтер аябай кыйын экен, Акаевдердин үй-бүлөсүнө таандык болгон обьекттерди будамайлап кетишкен десек болот. Азимбек Бекназаров баш прокурор болуп отуруп, Аксы окуясын, үй-бүлөнүн айлана-тегерегиндеги иштерди жыйынтыктоого убактысы жетпей калса керек. Аягына жеткире албаган. Маал-маалы менен Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, талап “мен козгогон иштер эмне болду? Жообун бергиле” деп отурат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG