Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

САЯСИЙ АЛЫМ САБАК: БОЛОТ ШЕРНИЯЗОВ – АЛМАЗ АТАМБАЕВ


Азык-түлүк кымбаттаганына, мал ылаңдары күчөгөндүгүнө байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөт өкүлдөрү Жогорку Кеңеште өткөн жумадан бери маалымат берүүдө. Жыйындын жүрүшүндө депутат Болот Шерниязов мурдагы оппозициялык лагердеги шериктеши, азыркы премьер-министр Алмаз Атамбаевге курч суроолорду узатып, бир катар орчундуу маселелерди козгоду. Ошол «алым сабактын» стенографиясын сунуш кылабыз.

Б. Шерниязов:Сиз оппозицияда жүрдүңүз ана башы болуп, азыр аткаруу бийлигинин башындасыз. Ачык айтыңызчы, кайсы жагы жакшы экен деги?

А. Атамбаев – Албетте сындаш, кыйкырыш оңойроок экен, жоопкерчилик алып иштеш, анын үстүнө оппозиция силер эски досторум, мен ойлогом чындыгында, проблемалар көп да, бири-бирибизди күнөөлөбөй жакшылап чогуу иштешсек бардык маселени чечсе болот. Мисалы Кумтөр боюнча сиздер тараптан Орозбек Дүйшеевичтер кошулуп маселени чечпедикпи. Ошондой эле бирибиз бирибизден кыйкым издебей, бири-бирибизге жардам берсек, үч бутак чогуу болсок, иштеш албетте оңой болмок.

Б. Шерниязов:Интервенция кылдык деп атасыздар 15 миң тонна. Дүйнөлүк баа өсүп атат, Кыргызстанда эле эмес. Интервенция эмне натыйжа берди?

А. Атамбаев – Интервенция деп мүмкүн өтө громко айтып койдук. Мындай болду, ундун баарын түз навайчыларга, пекарныйларга берип атабыз. Жок дегенде күн сайын Бишкек шаарынын дүкөндөрүнө 150 миң арзан нан түшүп атат, 5 сомдон. Жок дегенде пенсия, айлык акы көтөрүлгөнчө арзан берип тура алабыз. Азырынча 2 миң тоннасы эле кетти.

Б. Шерниязов: – Буудайды сатып алууга бюджетте акча жок экен. Буга Жогорку Кеңеш күнөөлүбү? Деги бюджетти Жогорку Кеңешке ким сунуш кылат?

А. Атамбаев – Буудайды сатып алууга акча таптык деп атпайбызбы. Талдыбулак үчүн 750 млн. сом түштү Каржы министрлигине, бюджетке. Эгерде чечим кабыл алсак, мен ойлоп турам парламент деле колдоп берет, буудайды, унду сатып алабыз.

Б. Шерниязов:Алмаз Шаршенович, сиз премьер-министр катары айткан сөзгө жалаң эле Кыргызстан эмес бүткүл дүйнөлүк коомчулук көңүл бурат. Сиз Талдыбулактын лицензиясын алып коём дебедиңиз беле?

А. Атамбаев – Болот Эсентаевич, Талдыбулактын лицензиясын алуунун бир жолу бар дегенбиз, ошол жолу менен лицензиясын кайра алганбыз. Бирок билесиңер сотко берилер замат, сот алтын кен тарабын алган. Анан кийин биз карасак, аягында сот лицензияны баары бир инвесторго алып бермек болду. Ошондуктан биз алтын кен компаниясы менен мировой соглашениеге кетип, дополнительно 20 млн. доллар алдык. Бирок билесиңер эч кандай бонуссуз эле бир тыйын бюджетке алынбай эле берилген да ал лицензия. 20 млн. доллар алсак жаман болдубу?

Б. Шерниязов:Жакшы. Ал эми Жерүйдөн эмне албай атасыз?

А. Атамбаев – Жерүй боюнча сиз келгенде айтпадым беле. Эгерде биринчи соглашениени аткарбаса 19-июлда алып коём деп.

Б. Шерниязов:Документти карасаңыз, 18-мартта. Жаныңызда жардамчылар отурат жакшылап карасын, сиз баарын карай бербейсиз. Бул эми өзүнчө сөз.

А. Атамбаев - Өзүнчө сөз.

Болот Шерниязов:Сизге буудайды сатып алууга Жогорку Кеңештин уруксаты деле кереги жок турбайбы, өзүңүз акча таап алып өзүңүз сатып ала берет экенсиз?

А. Атамбаев – Биринчиден, биз сатып ала элекпиз азырынча, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Анткени мен ойлоп турам, парламент деле бул маселени колдоп берет да, же уруксат бербей коёсузбу, анда өзүңүз чечиңиз. Силер колдомоюнча биз бир тыйын корото албайбыз, колду-бутту байлап койгонсуңар.

Б. Шерниязов:Премьер-министр болуу кыйыныраак экен, түшүнүп атам. Бирок биз шайлоочулардын көйгөйүн аткаруу бийлигинин башында турган Атамбаевге, Бакиевге айтпасак, эмне Каримов, Назарбаев, Путинге кайрылалыбы. Ошондуктан кээ бирлерин чыдап угуп коюңуз. Сиз убагында өкмөт, орусча айттыңыз проморгали деп кымбатташына. А какой ущерб нанесен за то что вы проморгали. Эсептеп көрдүңүзбү, убагында сатып албаган үчүн буудайды мамлекетке канча ущерб келди. Ушуну эсептеп көрдүңүзбү? Муну айтып аткан себебим, илгери бир колхоздун кароолчусу бир кап буудайды уурдатып жиберсе жооп берчү да. А сиз болсо система күнөөлүү деп отурасыз. Мындай болбойт да. Менин өзүм оюм, буга жооп бериш керек. Бийликтин эң жетишпегендиги жоопкерчиликтин жоктугу деп айтып атабыз, шылтоо тапмай. Ошондуктан ар бир бийликтин башында турган сиздин министрликтер, же башка бирөөлөр өзүнүн жумушуна жооп бериши керек. Кумтөр жөнүндө айтып кеттиңиз, буга да өзүнчө кайрылабыз комиссия боюнча. Кандай деп ойлойсуз, кээде телевизордон көрүп калам, Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн бүткөнүн өкмөттүн аткаруу бийлигинин сиз башкарган жетишкендиги катары берип атышат?

А. Атамбаев – Мен биринчи эле сөзүмдө, өкмөт соглашениени колдоп чыкканда, биринчи соглашение сиздерге келет одобрение алыш үчүн, ошондо эле айткам бул жерде парламенттин, депутаттардын, өкмөттүн, президенттин барынын тең эмгеги бар деп. Же айткан эмесминби. Экинчиден сиз айтып атпайсызбы, өкмөт проморгали деп. Макул, өкмөт проморгали. Но вы же здесь в принципе с 2005 года сидите. Кто мешал заложить больше денег на закупку госрезерва, зерна и др. Чогуу жоопкерчилик болуш керек да. Анан сразу эле Калыгул болуп калабыз, лопух болуп. Андай эмес, барыбыз адамбыз да, барыбыз адашабыз. Мен адашкандай сиз деле адашып атпайсызбы.

Б. Шерниязов:Алмаз Шаршенович сиз Конституциядан түшүнүгү бар адамсыз. Давайте Путин айткандай, котлет отдельно, мух отдельно. Аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги деген бар. Нандын кымбаттап кетишине парламентти күнөөлөсөңүз, это вас не красит. А проморгали деген сөз меники эмес, правительство проморгали деп сиз өзүңүз айткансыз, мен ошону кайталап берип атам сизге. Ошондуктан, сиз туура айтып атасыз, күнөөнү тияка-биякка оодарбой, кандай кылабыз, кантип оңойбуз ошол жолун издейли деп атабыз.

А. Атамбаев – Чогуу иштейли, башка жолубуз жок.

XS
SM
MD
LG