Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

15:32 Аламүдүн районунда мыйзамсыз үй салгандар курулуш материалдарын алып кетүүгө убакыт сурашты


Бул туурасында Аламүдүн районун акими Саматбек Керимкулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында бүгүн Төмөнкү Аларча жана Маевка айыл өкмөттөрүнө караштуу жерлерге мыйзамсыз салынып жаткан жүздөн ашык үй жана пайдубалдар бузулду. Буздуруу иштери эртең мененки алтыда башталган. Үй куруучулар тарабынан тоскоолдуктар болгон жок. Бирок айрым бүтүп калган үйлөрдүн ээлери курулуш материалдарын жүктөп кетүү үчүн убакыт сурашты. Андыктан аталган районго караштуу Акбата жаңы конушундагы жана Көкжар айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз курулуштар он күнгө чейин түрттүрүлбөйт. Ал эми кечээ үй куруучулардын лидерлери маалымат жыйын өткөрүп, анда жергиликтүү бийликти сынга алып, аларга карата кылмыш иши козголсун деген пикирлери менен чыгышкан болчу. Бүгүн алар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө сурак беришти. (JJ)

XS
SM
MD
LG