Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

БИШКЕКТЕ ДА 11-СЕНТЯБРЬ КУРМАНДЫКТАРЫН ЭСКЕРИШТИ


11-сентябрда Нью-Йорк калаасындагы кандуу капсалаңга туура алты жыл толду. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ошондогу террорчулардын аракетинен курман болгон үч миң чамалуу бейкүнөө адамдарды эскеришти. Бишкек шаарынан обочороокто жайгашкан “Манас” аскердик аба базасында да курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп, ага АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мари Йованович жана кыргызстандык ырасмий өкүлдөр катышты.



Ошол 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорк калаасындагы кандуу окуядан 2752 адам курман болуп, кыйла адам жаракат алган. Калаадагы “Петронанс Твин Тауэрс” аттуу эгиз мунараларга террорчулар барымтага алган эки жүргүнчү учагы урунуп, күбөлөр камерага тартып алган ал окуя бүткүл дүйнөлүк каналдар аркылуу көрсөтүлгөн. Андагы кандуу капсалаңды ырасмий адамдар Аль-Каида террорчулук уюму уюштурганын айтышып, Ооганстандагы алардын уюгун талкалоо үчүн АКШ аскердик аракеттерин баштаган. Эларалык антитеррордук коалициясы түзүлүп, АКШнын аскердик базаларынын бири Ооганстандан анча алыс эмес аралыктагы Кыргызстанда да орун алган. Бүгүн ошол “Манас” аскердик аба базасында да курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп, ага эки тараптын ырасмий өкүлдөрү катышты. Аскердик базанын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Айгүл Карымшакова, эскерүүнүн кандайча өткөнү тууралуу мындай деди:

- Базада Коргоо министринин орун басары Кубанычбек Орозбаев, Манас аэропортунун, Кыргыз аэронавигациянын өкүлдөрү жана базага жакын жайгашкан айыл өкмөттөрү болушту. Ал жакта элчи Мари Йованович деле сүйлөгөн жок. Иш чарада базанын жетекчиси кыскача сүйлөдү.




Белгилүү саясат таануучу, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Жолборс Жоробеков, 11-сентябрдагы окуя жалпы адамзаттын террорчулук тууралуу ой-пикирин кескин өзгөрттү деген пикирде:

- Андагы окуя бүткүл дүйнө элдеринин террорчулук тууралуу пикирлерин өзгөртүүгө мажбурлап, ал маселени башка өңүттөн кароого түрттү. Анткени террорчулук бир эле аймактын, бир эле мамлекеттин алкагынан чыгып, бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурган нерсе болуп калды. Террорчулукту кайсы бир динге жана ишенимге байлаган туура эмес, анын дини, улуту жана мамлекети да жок.

Ошондой эле ал АКШнын Кыргызстандагы антитеррордук аскерий базасы террорчулукка каршы күрөшүүдө олутту мааниге ээ экендигин кошумчалады:

- Менимче АКШнын биздеги базасы жемиштүү эле иштеп атат. Муну ар кыл саясатчылар ар кандай жоромолдошуп, сын-пикирлерин да айтып келатышат. Бирок, негизи базанын бул жерде турушу Кыргызстанга да, регионго да пайдасы зор.

Ал эми дагы бир саясат таануучу жана аскерий адис Токтогул Какчекеев, АКШнын террорчулукка каршы уюшкан күрөшү жакшы жыйынтык бербей жатканын айтты:

- Андан бери алты жыл өттү. Бул окуя дүйнөлүк саясаттын өзгөрүлүшүнө алып келди. Мурда советтер союзу жамандыктын империясы делгени менен ал кулаганда деле батыштын саясаты бир тараптуу болуп калды. Дүйнөлүк маалымат булактарынын көбү мусулман өлкөлөрүн террорчулуктун очогу дегенге чейин барышты. Биздеги база да террорчулукка каршы сокку урууга багытталган. Бирок, АКШнын алты жыл ичиндеги террорчулукка каршы күрөшү өз натыйжасын берген жок. Анткени, Аль-Каида, Хизб-ут-Тахрир сыяктуу уюмдар мурдагыдай эле иштеп атышат.

XS
SM
MD
LG