Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

ЫСЫККӨЛ ОЮНДАРЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ


Кабыл Макешов, Чолпоната 11-сентябрда Чолпонатадагы “Көгүлтүр Ысыккөл “эс алуу жайында VII эл аралык Ысыккөл оюндары жыйынтыкталды. Спорттун 15 түрү боюнча жети күндүк мөөрөй талашууларга Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдавия жана Кыргызстандын миңге жакын спортчулары катышты.

Быйылкы оюндун урааны “Азия кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” деп аталды. Бүгүн 11-сентябрда кичи футболдон финалдык беттешүүсүндө Азия универсал банкынын “Алтын таш” командасы менен Бишкектин “Турбаза” командасы мөөрөй талашты. Ал эми 35 жаш курактан жогорку ардагер спортчулардын баш байгеси үчүн Каракол шаарынын командасы менен Казакстандын “Металстиль” командасы беттешти. Мында Казакстандын “Металстиль” командасы артыкчылык кылып, чеберчилигин көрсөтүп, VII Ысыккөл оюндарынын жеңүүчүлөрү деп таанылды.

Ошентип, жети күндүк мөөрөй талашуулардын жыйынтыгында командалык биринчи орунду Орусиянын өкүлдөрү жеңип алышты. Алар 40 алтын, 25 күмүш, 28 коло медаль утуп алуу менен спорттук держава экендигин далилдешти. 2-орунду ээлеген Казакстандык спортчулар 27 алтын, 33 күмүш, 24 коло байгени олжолоп кетишти. Ал эми 3-орунга ээ болгон Кыргызстандык 23 алтын, 32 күмүш, 34 коло медалын утуп алышты.

Кытайлыктар 4-орунга, түркмөнстандыктар 5-орунга, тажикстандыктар 6-орунга ээ болушту. Эл аралык спорт уюмдар конференциясынын президенти Борис Рогатин Ысыккөл оюндары эл достугуна данакер болуп, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн спорттук кызматташуусуна салым кошорун белгиледи.

Учурда VII эл аралык Ысыккөл оюндарынын жабылыш салтанатына акыркы камылгалар болуп жатат.
XS
SM
MD
LG