Мамлекеттин элди социалдык жактан компенсациялоого кудуретсиздиги жана баалардын өсүшү социалдык жарылууга алып келүүсү мүмкүн.
Адистердин айтуусунда кымбатчылыктын кыйынчылыгын элге сездирбөө максатында кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик резервден 15 миң тонна буудай бөлүп бериши жана каржы министри убада кылгандай жакынкы арада эмгек акыларды жана пенсияны 10-20% көбөйтүү баа кризисин чече албайт. Анткени баалар 10-20% эмес, 50-100% ашуун өсүп жаткандыгын белгилеген адистер баа саясатынын өзгөрүшүнө бийлик өз учурунда реакция жасаган жок деп айтыпташууда.
Көз карандысыз экономист Айылчы Сарыбаев баа кымбаттаган биринчи күндөн тартып бир нече өкмөттүк структуралар: Монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги, Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги буга кошкөңүл мамиле жасабай, тиешелүү деңгээлде иш алып барууга тийиш болчу дейт:
-Бизде монополияга каршы күрөшүү агенттиги мамлекет базар баасына кийлигишпеши керек деген жөнсүз шылтоо менен биздин бааларга кийлигишпейт. Мунун эң негизги себеби – мамлекеттин өзү коррупцияланышып кеткен. Жалаң аткаруу системасы эмес, парламент, сот системасы да толук коррупцияланып кеткен. Ушу шартта азык-түлүктүн бааларын мамлекеттик деңгээлде жөндөө, жолго коюу мүмкүн эмес.
Айылчы Сарыбаевдин айтуусунда нандын баасынын көтөрүлүшү мамлекеттик маанилүү маселелердин бири катары өкмөттүн көңүл борборунда болууга тийиш.
Баа кризиси улана берсе аягы барып саясий олку-солкулукка такалуусу мүмкүн дешет адистер. Алардын айтуусунда баанын өсүшү жакын арада токтошу кыйын, анткени бул көрүнүш бир гана Кыргызстанда эмес, коңшулаш Казакстан, Өзбекстанда да болууда.
Баалардын көтөрүлүшү эң алды менен элдин жакыр катмарына билинет, изилдөөлөр көрсөткөндөй жакыр жашагандардын басымдуу бөлүгү айылда жашашат. ЖК депутаты Жусуп Иманалиев 2005-жылкы ыңкылапты жашоонун оордугуна чыдабаган элет эли жасаган дейт:
-Айылдын эли кыйналып, кыйынчылыктарга чыдап эле келе жатат. Мал ооруп, кырылып атат, жумуш жоктугунан ар кайсы жакка иш издеп, тентип кетип жатышат. Жер айдап, эгин себейин десе, урук жок, күйүүчү майга акчасы жок, жерлерин таштап, бош отурушат. Биз унутпашыбыз керек, 24-марттагы ыңкылапты Бишкек шаары же борбор жасаган жок, аны оокаты өтпөй калган айылдыктар бийликке нааразы болуп жасаган, мына ушуну унутпашыбыз керек,
-дейт Жусуп Иманалиев.
Кыргызстандагы экономикалык кырдаалдын курчуп кетүүсүнө бийликтеги коррупция күнөөлүү, аксаган экономикасы менен кыргыз өкмөтү баары бир кымбатчылыкты токтото албайт деген пикирлер да бар. “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев баарына үй-бүлөлүк башкаруу системасы менен мамлекет башында отурган президент жооп бериши керек деп эсептейт.
Айрым пикирлер боюнча кымбатчылыктан кыйналып турган элдин маанайын оппозиция өз пайдасына колдонуп кетүүсү мүмкүн.