Сүйлөшүүлөрдө газ долбоорлору башкы темалардан болмокчу. Алардын ичинде түркмөндөрдүн “көгүлтүр отунун” Казакстан аркылуу Россияга чыгаруу планы, Орто Азия-Борбор газ куурун кайра куруу маселелери талкууланат. Аталган долбоорлорду быйыл майда Түркмөнбашы портунда Россиянын, Казакстандын жана Түркмөнстандын президенттери макулдашкан. Андан көп өтпөй Бердымухамедов Астанада ырасмий визит менен болуп, маанилүү документтерге кол коюп кайткан.
Алматылык эксперт, мунай институтунун директору Надир Надиров болжолдонуп жаткан куурлардын курулушун Казакстан үчүн абдан пайдалуу деп баалады. Эң оболу түркмөн жана өзбек газын казактар өз муктаждыгына пайдалана алат, экинчиден, Казакстан аркылуу өткөн газ үчүн эки өлкөгө Астанага акы төлөйт, үчүнчүдөн, керек болгон учурда казак газын да кошуп,экспортко чыгарганга болот.
Россиялык “Газпромдун” жетекчилери ырасташкандай, сөз болуп жаткан курулуштар боюнча үч тараптуу келишимдин долбоорлору азыр талкууланып, такталып бүтүп калды. Аларга ушул айдын этегинде кол коюлары айтылууда.
Каспийдин кылаасын бойлото курулганы жаткан жаңы газ кууру Батыштагы инвесторлорду бир кыйла бейпайга салды. Түркмөн,өзбек жана казак газын алар Каспийдин түбүнө куур тартып,андан ары Баку-Жейхан аркылуу дүйнөлүк рынокко ташып чыгууну көздөп жүрүшкөн. Бирок бу долбоор азырынча сөз бойдон калууда.
Ашхабадга аттанар алдында Актау шаарында президент Назарбаев Казакстан Каспий кылаасын бойлото Түркмөнстан аркылуу Иранга, андан ары Перси булуңуна чыга турган темир жол курууну пландап жатканын билдирди. ”Түндүк-Түштүк” транспорт коридору деп аталган бу долбоор тууралуу да Ашхабадда сөз болмокчу. Мындан тышкары тараптар бир нече документтерге кол коюшат.
Ашхаббадан соң казак президенти эртең Тажикстанга жол тартат. Бул жерде Назарбаев инвестициялык фонд ачууну максат кылууда.