11-сентябрга Брюсселге белгиленген демонстрациянын уюштуруучулары адегенде ага бүткүл Европа боюнча 20 миңдей адам катышат деп үмүттөнүшкөн. Демонстрация "Европаны исламдаштырууну токтот" деген ураан алдында болмок. Бирок Брюсселдин мэри Фредди Тилеманс АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында орун алган теракттардын алты жылдыгына утурлай пландалган бул демонстрациянын өтүшүнө тыюу салган болчу. Шаар мэри өзүнүн мындай чечимин бир катар себептер менен негиздеп, ал күнү мусулман демонстранттар менен кагылышуу чыгып кетиши мүмкүн экендигин да айткан эле. Бельгияда жайгашкан, Европанын Араб Лигасы өңдүү радикал уюмдар да 11-сентябрда жүрүшкө чыгарын билдирип, бирок алардын митинг өткөрүү өтүнүчү да шаар бийликтери тарабынан четке кагылган. Мэрдин чечимин сот да колдогон.
Шейшемби күнү Брюсселде Евробиримдиктин кеңселери жайгашкан кварталга 200дөй гана демонстрант чыгышты. Бельгиянын ашынган улутчул Флемиш партиясы өзүнүн эки өкүлү камакка алынганын ырастады. Полиция шаардын борборуна жыйналган ондогон демонстранттарды кармаганы тууралуу маалыматтар тараган эле, бирок жүрүштү уюштуруучулардын бири, даниялык Оскар Пидерсин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна баары тынч өткөнүн маалымдады:
-Бул тынч демонстрация болду. Биз каршы чыгып жаткан нерсе ислам эмес, бирок исламдашуу. Муну баса көрсөтүү өтө, өтө маанилүү. Келерки жолу биз көп адам келет деп үмүттөнөбүз, бул силер ойлогондой коркунучтуу эмес.
Айтор, шейшембидеги демонстрацияга аз эле адам катышканы менен ал Евробиримдиктеги сөз эркиндигинин чек арасы жөнүндө талкууларга жем таштагандай болду.
Маселен, Европанын адам укуктары боюнча башкы мекемеси- Еврокеңештин башкатчысы Терри Девис атайын билдирүү таратты. Анын маалымат катчысы Матиас Груден "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна буларды билдирди:
-Европа кеңешинин башкатчысы жыйналуу жана ой-пикир билдирүү эркиндиги башкалардын укуктары менен эркиндигин, анын ичинде Европанын адам укуктары боюнча конвенциясына ылайык корголгон ой- пикир, ишеним жана дин эркиндигин коргоо үчүн чектелиши ыктымалдыгын эстөө манилүү экенин айтты. Бул Европадагылардын баарына, анын ичинде ислам динин тутунган миллиондогон европалыктарга да тийиштүү. Башкатчы айткандай,, алар сабырсыздык менен фанатизмдин бүгүнкү шерменде көрүнүшүнүн башкы бутасы болду.
Ал эми Еврокомиссиянын төрага орун басары, италиялык Франко Фратти Брюсселдеги пресс-конференцияда бул шаaрдын бийликтеринин чечимин комментарийлөөнү каалабасын айтып, бирок тынч демонстрацияларга, расмий бийлик, көчөгө чыккандардын көз карашын бөлүшпөгөн учурда да уруксат бериши керектигин белгиледи:
-Менин көз карашымда, жалпысынан. демонстрациялардын баарына уруксат берилиши абзел. Эгер демонстрациянын көздөгөнү зордук-зомбулук аракеттерин ишке ашыруу болсо ага тыюу салынышы керек. Бул мыйзамдуу аракет менен мыйзамсыз иштин чегиндеги маселе.
Кайра шейшембидеги окуяга келсек, бул күнү Брюсселде Евробиримдиктин кеңселери жайгашкан көчөлөрдү 200дөй демонстранттан суу бүркүгүчтөр менен куралданган 100дөн ашуун полицей коргогон. Атүгүл, кабарларга караганда, асманда полицияга караштуу тик учактар да жүрдү. Уюштуруучулардын айтымында, алар Брюсселдин мериясына 10 миң адамдын колу коюлуп, шаар жетекчилигинин демонстрацияга тыюу салган чечимин айыптаган катты тапшырууга жетише алышты.