Алты жыл мурдакы кыйраканда курман болгондорду эскерип урган коңгуроо террорчулар айдаган биринчи учак 2001- жылдын 11-сентябрь күнү Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасын сүзгөн убакта кагылды. Нью- Йорктогу кош мунаранын ордунда курулуш иштери жүрүп жаткандыктан эскерүү зыяпаты ага жакын жайдагы чакан гүлбакта өттү. Алaaматта жан аябай күрөшкөн куткаруучулар курман болгондордун ысымдарын окуганда, жакындарынан ажыраган адамдардын жүздөрүн көздөрүнөн аккан жаш жууп жатты.
Быйыл кыйраканда өлгөндөрдүн тизмесине нью- йорктук Фелиция Дюнн- Жонстун ысмы да кошуп жазылды. Адвокат айым Дүйнөлүк соода борбору кыйраганда кыйраганда күйүктүн жытына жана чаңга ууланып, алты айдан кийин өпкө илдетинен көз жумган. Баса, кош имарат кулагандан кийин адамдардын өмүрү үчүн күрөшкөн өрт өчүрүүчү, полиция, куткаруучулар же ошол тушта иштеген адамдар арасында дем алуу органдарынын илдети акыркы мезгилде кескин көбөйгөн.
Өзбекстандык Фарида Камариддинова кызы Гаухар алты жыл мурдакы чабуулда курман болгонун эскерип боздойт:
-Кызымдын мен келемин деген үнү алиге кулагымда жаңырып турат. Ал мага “Апажан” деп кайрылчу. Гаухар сулуу жана элпек кыз болчу. Ал Америкага 24 жашында кеткен. Кызым Дүйнөлүк соода борборунун 91 кабатында набыт болгондо 26 гана жашта болчу.
2001- жылдын 11-сентябрында террорчулар ала качкан бир учак Вашингтондогу Коргоо министрлигинин имаратын сүзгөндө 184 адам зобун болгон. Пентагондогу зыяпатка чогулгандардын алдында АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими Томас Пейс сүйлөп, алардын жакындары эч качан унутулбайт деди:
-Жакындарынан ажыраган бүлөлөргө жүрөгүмдөгү ыйды, биздин жүрөгүбүздөгү кайгыны, мекендештериңер бүгүн эмне ойлоп жатканын кантип туура айтканды билбейм. Бирок, бул жерге 2001- жылдын 11- сентябрынан бери жыл сайын ушул күнү чогулган адамдар силердин кайгыңарды тең бөлүшөт, силердин жакындарыңарды эстешип, дуба кылышат жана курман болгон адамдарга таазим этишет.
Генерал Пэйс өз сөзүндө Ооганстанда жана Иракта жүрүп жаткан согушту алты жыл мурдакы террордук чабуулдар менен түз байланыша экенине ишаара кылды:
-Ошол күндөн бери Иракта жана Ооганстанда кызмат кылып жаткан 1- 1, 5 миллион чамалуу аскерлер менен аялдар алты жыл мурда бизге каршы согуш жарыялашып, жашоо жолойубузду өзгөртүүнү каалашканын бизге айтышты.
Президент Жорж Буш жана вице- президент Дик Чейни 11- сентябрь чабуулунда курман болгон адамдарды Ак Үй алдындагы Көк жайсаңда бир мүнөт үнсүз туруп, эскеришти. Хор болсо “Кудай Американы алкасын” деген ырды аткарды.