Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

ОРУС ОКУМУШТУУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ КОСМОСТОН ИЗИЛДӨӨДӨ


Бүгүнкү космостук изилдөөлөр илимий-техникалык гана мааниге ээ болбостон колдонмо мүнөзгө өтүүдө. Космостон алынган маалыматтарды жашоонун ар кыл тармактарында пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө. Бул багытта Орусиянын Илимдер Академиясынын космостук изилдөөлөр лабораториясынын башчысы, география илимдеринин кандидаты Лев Десинов “Азатыкка” маек курган.

-Урматтуу Десинов мырза, алгач сөздү сиз жетектеген мекеме тууралуу маалымат берүүдөн баштасак. Сиздер жүргүзгөн илимий иштер тууралуу да айтып өтсөңүз.

- Биздин мекеме космостук изилдөөлөр лабораториясы деп аталып Орбиталдык МКС - Эл аралык Космос станциясынын бортунан алынган маалыматтарды иштеп чыгуу, системалаштырууга адистешкен. Лабораториянын адистери космосто аткарыла турган тапшырмаларды түзүп, ошондой эле учуу мезгилинде космонавттар менен такай маалымат алмашып турушат.

Орбиталдык МКС - Эл аралык Космос станциясы түзүлгөндө жер бетин изилдөө менен катар мониторинг жургузуу милдети жүктөлгөн. Албетте, биздин максаттарыбыздын бири - Борбор Азия мейкиндигине дагы изилдөө жүргүзүү жана бул чөлкөмдүн окумуштуулары, илимий изилдөө институттары менен тыгыз байланышта иштешүү болчу. Мындай кызматташтыкты ишке ашырууга Борбор Азиядагы окумуштуулардын илимий тажрыйбасы, мурдатан калыптанган байланыштар өбөлгө болот деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, биздин оюбуз бүгүнкүгө чейин ишке ашпай келе жатат, тескерисинче биз европалык, америкалык кесиптештерибиз менен тыгыз иштешип жатабыз. Мени ушуга чейин Борбор Азия өлкөсүнүн бир дагы окумуштуусунан космостон алынган маалыматтарды колдонуу жаатында кызматташуу тууралуу кайрылуу болбогону таңгалдырат.

Эл аралык Космос станциясы тарабынан Кыргызстандын аймагында жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу айтсам - республикадагы эки маанилүү тармакка космостон үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлөт. Бул биринчи, Ысыккөл суу бассейни жана аны курчап турган тоолор, экинчи - Борбордук Тянь-Шандын тоо кыркалары, анын ичинде Түндүк, Түштүк Эңилчек, Семенов, Мушкетов жана ага удаалаш мөңгүлөрдү такай сүрөткө тартып, өзгөрүүлөрдү белгилеп турабыз. Мисалы, Ысыккөл аймагы тууралуу айтсам, бул аймактын табигый ландшафтында туруктуу өзгөөрүүлөр байкалууда, биз бул кубулуштардын бардыгын системалуу түрдө белгилеп келүүдөбүз.

Азыр биздин байкоолорубуз, биз чогултуп жаткан маалыматтар Ысыккөлдөгу суу бассейни белгилүү убакыт тилкесинде кандай өзгөрүүлөр менен коштолгондугун так көрсөтүп берет. Ошондой эле биздин адистер космостон тартылган сүрөттөрдү, алынган маалыматтарды өз учурунда дыкаттык менен анализдеп турушат, мындай илимий маалыматтар азыр болбосо дагы кайсы бир учурда сөссүз керек болооруна биз ишенебиз.

Тоолор тууралуу, бул жерде бир катар өтө актуалдуу проблемалар жатат. Алардын бири жердеги климаттын өзгөрүү динамикасына мониторинг жасоо болуп эсептелет. Азыр дүйнөлүк абанын орточо температурасынын жогорулашы мөңгүлөрдүн эришине чоң таасир тийгизип жатканы кызуу талкууларды жаратууда. Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүүсүн далилдеген бир дагы так көрсөткүч жок экендигине карабастан, абанын адаттан жогору жылышы мөңгү катмарларынын көбүрөөк эришине алып келип жаткандыгана шек жок.

Бул багытта МКС Орбиталдык станциясы аркылуу жер жүзүндөгү он төрт, он беш тоо кыркаларына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлөт. Биз такай байкоо жүргүзгөн мындай изилдунүүчү аймактардын бири болуп Кыргызстандын мөңгүлөрү эсептелет. Эгер кыргызстандык окумуштуулар үчүн бул маалыматтар кызык жана зарыл болсо биз маалымат алмашууга дилгирбиз, биздин адистер өздөрү дагы бул чөлкөмдөгү тоо кыркаларына барып турушат.

- Сөзүңүзгө аралжы, учурда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эриши, аны менен кошо суу ресурстарына байланышкан маселелер мамлекеттик деңгээлде талкууланууда. Сиз мындай маселени чечүүдө илимий изилдөөлөрдү, маалыматтарды колдонуунун канчалык зарылчылыгы бар деп ойлойсуз?

- Сиз айткан маселе сыяктуу проблемаларды талкуулоо илимий фактыларга, маалыматтарга негизделиши керек. Ансыз бул кайсы бир саясатчылардын өз элинин алдында жагынгысы келген эле аракети деп айтаар элем. Изилдөө тууралуу айтсам –бул өтө тактыкты талап кылып, атайын деңгээлдеги билим –тажрыйбасы бар адистер заманбап жабдууларды колдонуу менен ишке ашырчу процесс. Ооба, атайын адисттер Кыргызстандан кетип калышты, бирок алардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө деле Орусиянын чоң шаарларында эмгектенип жатышат. Биздин мекемеде болсо өтө көп сандагы фонддук материалдар жыйналган. Бул жагынан алып караганда кыргызстандык окумуштуулардын орусиялык кесиптештери менен илимий-кызматташтыкта болушу силердин тарап үчүн олуттуу эле пайда алып келмек. Биз деле силердин саясатчылардын козгогон маселелерин угуп жатабыз, бирок атайын, негиздүү изилдөөлөр жүргүзүлбөсө - бул кургак сөз түрүндө гана кала берет.

-Эми космостук изилдөөлөр тармагынын артыкчылыктары тууралуу кеп уласак. Мисалы, Орусияны айтпаганда коншу Казакстанда космостук изилдөө борборлорунун бир топ жанданганы байкалат. Бул жаатта Кыргызстанда кандай иш-аракеттер колго алынышы керек деп ойлойсуз?

- Ооба, азыр Казакстан космостук изилдөөлөр жаатында бир топ долбоорлорду ишке ашыра баштады. Бүгүнкү Казакстандын экономикасы бул тармакка басымдуу инвестиция жасоодо, ондогон кубаттуу изилдөө мекемелери түзүлгөн. Бирок казакстандык окумуштуулар космос спутниги аркылуу алынган маалыматтарды эле колдонушат, айрыкча айыл-чарбасы үчүн. Ал эми МКС – эл аралык космос станциясында болсо космонавттар кораблдин бортунда атайын тапшырмаларды ишке ашырышат. Космонавттардын “өз колдору” менен жыйнаган маалыматтары, тарткан сүрөттөрү илимий тактыгы, колдонмо мунөзү жагынан артыкчылыкка ээ. Мисалы, космонавттар кайсы бир аймактагы күтүлө турган табигый апааттар, техногендик кырсыктар тууралуу так маалыматтарды бере алышат, ал эми биздин лабораториянын ал маалыматтарды иштеп-чыгып атайын сунуш-кенештерди алдын-ала берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул сыяктуу илимий маалыматтар өлкөнүн айыл-чарбасына, экономикасына жана жалпы эле экологияга канчалык маанилүү экендиги өзүңүздөргө жакшы белгилүү.

Ал эми Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекет үчүн космостук изилдөөлөр канчалык артыкчылыкка ээ экендигине токтолсом, cоветтик доордо Бишкекте Москвадагы Космосту изилдөө институтунун филиалы бар болчу. Илимий изилдөөлөрдүн бир бөлүгү Москвада жазалса, өндүрүштүн калган бөлүгү Кыргызстанда ишке ашырылчу, өз кезегинде бул абдан жакшы жабдылган мекеме эле. Менин жеке пикиримде Кыргызстан ушул мурдагы байланыштарды жандандыруусу керек. Эгер космосту изилдөө тармагына көңүл бурулуп, жетиштүү финансылык колдоо көрсөтүлсө, анда ал эң биринчиден эл чарбасына, адамдардын жашоосуна пайдасын тийгизип, өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрөт.

-Рахмат, Сизге Десинов мырза. Ишиңиздерди ийгилик коштосун!


Гүлайым Ашакеева, Москва


Эл аралык космос станциясынын бортунан тартылган сүрөттөр:






Жогорудагы сүрөттө Эңилчек мөңгүсү.

Ортоңку сүрөттө Түндүк Эңилчек.

Төмөнкү сүрөттө Түштүк Эңилчек жана Мерцбахер көлү.




(Сүрөттөр Орусиянын Илимдер Академиясынын космостук изилдөөлөр лабораториясы тарабынан “Азаттыкка” берилген жана автордук укук аталган уюмга тиешелүү).
XS
SM
MD
LG