Жаңы кайрылуусун бин Ладен АКШдагы террордук балааматтардын алты жылдыгына жуптап таркатса да Вашингтонду бу жолу кезектеги кыянат-кыргын менен коркуткан эмес. Мунун ордуна дүйнөлүк климаттын жылышы,экономикалык туруксуздук, турак-жайдын кымбатташы, алык-салыктардын өсүшү, Африканы каркап каптаган жакырлык сыяктуу глобалдык проблемаларга кайрылган. Мунун баары үчүн азыркы дүйнөнүн биринчи террорчусу жоопкерчиликти, арийне, Батышка, өзгөчө АКШга, Британияга жана Францияга жүктөгөн.
Батышты бин Ладен бир кезде монахтардын, падышалар менен феодалдардын кулчулугунан арылгандай эле эми капитализмдин алдамчы системасынан кутулууга чакырат. Мисалы, америкалыктарга демократиядан баш тартып,исламга өтүүнү сунуш кылат. АКШдагы системаны бин Ладен түп орду менен кедерине кетти, анткени ал ири корпорациялардын гана кызыкчылыгын коргойт, адамдардын өмүрүн кыйып, солдаттарды курмандыкка чалып жатат деп эсептейт.
АКШда демократтар Ирактагы согушту токтото албай жатышканын “Ал-Каиданын” жетекчиси конгресске, президенттикке талапкерлердин баарын корпорациялар контролдоп турганы менен түшүндүрөт. Ушу себептен улам учурунда Жон Кеннеди да Вьетнамдагы согушту токтото албай койгон, бирок анын өзүн корпорациялар жок кылды, дейт бин Ладен.
Байкоочулар мындай саясий сөөмөттөн диний фанатизм менен солчул революциячыл фундаментализмдин кошундусун көрүштү. “Ал-Каиданын” башчысы өзүн жаңы оролдо көрсөтөт деп экстремисттердин пропагандачылары июлдан бери айтып жүрүшкөн, бирок бин Ладендин буурул сакалы чымкый кара болуп кеткени гана болбосо эксперттер жаңы эчтеме деле көрүшкөн жок.
Деген менен биринчи террорчунун кайрылуусуна бу жолу президент Жорж Буш илгиртпей жооп кайтарды. Дүйнө азыр кандай кооптуу абалда турганын кайрадан эске салып, Буш террорчулар кандай болсо да америкалыктарды Ирактан сүрүп чыгарып,ал жерде өздөрүнүн резерв базасын түзүүнү көздөп отурганын белгиледи.
Эксперттер Ирактагы жагдайга байланыштуу бу күндөрү конгрессте өтүп жаткан талкууларда бин Ладендин жаңы кайрылуусу Бушка кошумча аргумент болуп бериши ыктымал дешет. Ошону менен бирге бин Ладен өзү кайда,барбы же жокпу - бу маселеге да кайрадан коомчулуктун назары бурулду. Адатта ырасмий өкүлдөр чалгындоо органдарынын маалыматтарына таянып, аны же Ооганстанда,же Пакистанда жашынып жатат деп жүрүшөт. Ооган тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта буга байланыштуу: “Мен билгени,бин Ладен Ооганстанда жок, бирок анын кайда экени тууралуу менде так маалымат да жок”,- деп билдирди.